«Ысык-көл-2023» эл аралык экономикалык форумунда «Кыргызиндустрия» долбоорлорун тартуулады

«Ысык-көл-2023» эл аралык экономикалык форумунда «Кыргызиндустрия» долбоорлорун тартуулады

«Өнөр жай кооперациясы жана курулуш» панелдик сессиясынын алкагында «Кыргызиндустрия» ААКнын башкармалыгы. Коомдун ишмердүүлүгү, анын жетишкендиктери жана келечеги тууралуу презентация жасады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Бет ачардын жыйынтыгында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматтарынын муктаждыктары үчүн өрт өчүрүүчү машиналарды жана атайын кийимдерди чыгарган кытайлык CIMC TIANDA компаниясы кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Консультациялардын жыйынтыгы боюнча бул тармакта кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү аныкталды.

Жеке ишкер Ч.Алканов менен айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн заманбап жашылча-жемиш сактоочу жайларды куруу долбоорлорун биргелешип ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

«Ысык-Көл-2023» Эл аралык экономикалык форумуна Кытай Эл Республикасы, Азербайжан, Россия, Өзбекстан жана башка мамлекеттердин бизнес өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын ишкерлери катышты.

«Кыргызиндустрия» ААКу Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө салым кошкон долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чет элдик жана ата мекендик өнөктөштөр менен кызматташууга умтулат.

Мындан тышкары окуңуз

Ат-Башыда 4 жыл ичинде 910,9 млн сомго 17 объект курулган

Ат-Башыда 4 жыл ичинде 910,9 млн сомго 17 объект курулган

Президент Садыр Жапаров 24-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ат-Башы районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалары жана перспективдүү долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, райондун акими Мухтар Шербаев Мамлекет башчысына акыркы жылдары ишке ашырылган инфраструктуралык долбоорлор, калктын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча

Манастагы жол кырсыгы боюнча маалыматтарды айдоочунун достору такташты

Манастагы жол кырсыгы боюнча маалыматтарды айдоочунун достору такташты

Манас шаарында Daewoo Tico унаасынын айдоочусунун өлүмү менен аяктаган жол кырсыгына байланыштуу кармалган жаран боюнча достору видеокайрылуу жасап, буга чейин тараган маалыматтарды такташты. Алардын айтымында, интернетте өспүрүм кырсык болгон жерден качып кеткен жана кийин милиция тарабынан кармалган деген маалыматтар туура эмес. Досторунун билдирүүсүндө, ал милицияга өзү барган жана бардык зарыл

Жалпы дарыгерлик практика борборунун жылуулук тутуму 14 млн сомго оңдолду

Жалпы дарыгерлик практика борборунун жылуулук тутуму 14 млн сомго оңдолду

Куршаб Жалпы дарыгерлик практика борборунда 90 орундуу стационарда болгону 28 бейтап дарыланып жаткан. Мунун негизги себептеринин бири – адистердин тартыштыгы жана нормалдуу жылытуу тутумунун жоктугу болгон. Күн суук мезгилде жергиликтүү тургундардын көбү Ош жана Өзгөн шаарларынын ооруканаларына кайрылып келишкен. Бул тууралуу аталган медициналык борбордун жетекчиси Элмурат Эркулов билдирди. Маалыматка ылайык, көйгөйдү

Оштун Ишкаван айылында 700 орундуу мектеп курулууда

Оштун Ишкаван айылында 700 орундуу мектеп курулууда

Ош шаарынын Ишкаван айылындагы жаңы мектептин курулушу тынымсыз уланууда. Учурда имараттын экинчи кабатынын плиталарын орнотулуп, дубалдарын тургузуу иштери жүргүзүлүүдө. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Курулуш министрлигинин маалыматына караганда, Башкы планга ылайык, имараттын  жалпы аянты 5 613 чарчы метрди түзүп, 3 кабаттан турат. Мектеп заманбап талаптарга