«Жаңырейшн аймак» долбоорунан каржылык колдоо алган Жунусбек Каразаков туристтик кызматтарын кеңейтүүдө

«Жаңырейшн аймак» долбоорунан каржылык колдоо алган  Жунусбек Каразаков туристтик кызматтарын кеңейтүүдө

Балалык кыялынан туристтик борборлорго чейин жеткирген Жунусбек Каразаковдун бизнеси учурда туристтерге түрдүү кызматтарды көрсөтүп келет. Ошондой эле ал Баткендеги туризмди өнүктүрүү сынактан өтүп, «Жаңырейшн аймак» аркылуу грант утуп алган.

Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз?

Менин атым Каразаков Жунусбек Абдирашитович, мен "Борбордук Азия Турлары" ЖЧКнын негиздөөчүсүмүн. Бул Каравшин капчыгайында глемпинг лагерь. Баткен шаарынан болом, 42 жаштамын, төрт баланын атасымын.

Ишиңизди кайсы жылы кантип баштап калдыңыз? Мунун баары кантип башталды?

Мунун баары балалыгымдагы кыялдарымдан башталды. Себеби мен 1988- жылы Каравшин жайлоосуна таятам таенем менен барганмын. Ошол жылы Каравшин капчыгайында биринчи жолу СССР мамлекеттерин альпинизм боюнча альпиниядасы өтүп жаткан экен. Ошондо биринчи жолу рюкзак көтөргөн туристтерди көрүп, менин жашоом ушулардыкы сыктуу болот деп кыялданган болчум. 1999-жылы "Манас" Университетинде Альпинизм боюнча кружок ачылган, ошол кружокто катышып жүрүп, туризм  тууралуу көп маалымат алдым.  2007-жылы баштаганмын, 2016-жылдан бери активтүү иштеп жатам. Ар жыл туристтер ар түрдүү.  2021-жылы туристтердин саны 107 болгон. Быйыл болсо 200 кишиге чамалап калды.

Биздин кызматтар:

  • Каравшин, Аксу капчыгайындагы базалык лагерлер
  • Треккинг турлар
  • Улуу Жибек Жолу боюнча турлар
  • Траспортук кызматтар
  • Чек арага кирүү үчүн керектүү болгон документтерди даярдоо кызматты.

«Жаңырейшн аймак» долбоору тууралуу кайдан уктуңуз? Грант алуу үчүн эмне кылышыңыз керек болчу?

— Фейсбуктан көрүп калдым, грант алуу үчүн анкетаны толтуруп жөнөтүү керек болчу.

Долбоорлор каржылоо үчүн кантип тандалып алынган?

— Долбоорлорду заманбаптыгына жараша тандалып алынды деп ойлоймун. Ошондой эле жумуш орундары менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө жараша.

«Жаңырейшн аймак» долбоору сизге кандай жардам бергенин айтып бериңизчи. А жана Б раундунда эмнеге ээ болдуңуз?

— А Раунда 1 Gopro Hero Black 11 жана DJI mini 3  Pro дрон. Б раунда Глемпинг 4 даана алдым.  

Грант алуу долбооруңузга кандай  мүмкүнчүлүктөрдү түздү?

— Кызмат көрсөтүүнүн жаңы жолдорун ойлоп жатабыз. Башкача кызмат көрсөтөбүз.

Канча жумуш орундарын түзүүгө жетиштиңиз?

— Мурда 25 жумуш оруну бар болчу азыр дагы  10 кошумча жумуш оруну түзүлдү.

Келечекке кандай пландарыңыз бар? Мындан ары бизнесиңизди өнүктүрүү үчүн эмне кылууну пландап жатасыз? Беш жылдан кийин бизнесиңизди кайдан көрөсүз?

— Келечектеги пландарым бир жылда туристтердин санын 1500 кишиге жеткирүү. Орточо чекти 1500 долларга чыгаруу.  Баткен облусу боюнча Глемпинг лагерди 4 локацияда жана ар бир локациядан 5 даанадан кылуу. Беш жылдан кийин туристтердин санын 2500 кишиге жеткирүүм керек.


«Жаңырейшн аймак» бизнес-долбоорлорунун конкурсу «КРнын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында COVID-19нын терс кесепеттеринен социалдык-экономикалык калыбына келтирүү»  долбоорунун алкагында БУУӨП жана John Galt бизнес-акселератору тарабынан ишке ашырылууда

Мындан тышкары окуңуз

Баткен облусундагы сел 20,8 млн сомдук зыян келтирди

Баткен облусундагы сел 20,8 млн сомдук зыян келтирди

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун жетекчилигинде Баткен облусунун Жарандык коргонуу кызматтарынын отуруму өттү. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйында 30-апрелден 5-майга чейин катуу жааган жаандын кесепетинен Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында катталган сел кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштер каралды. Ошондой эле күтүлүп жаткан сел коркунучтарынын алдын алуу,

Адылбек Касымалиев банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Адылбек Касымалиев банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев банк секторунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоосунда ал бул күн улуттук валюта — кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилиши менен тыгыз байланыштуу экенин белгилеп, анын өлкөнүн эгемендүү финансы системасын калыптандыруудагы маанисине токтолду. Адылбек Касымалиев акыркы жылдары өлкө экономикасы туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, ички дүң продуктунун көлөмү эки

Чүйдө жана Бишкекте жол курулуштарына текшерүү жүргүзүлдү

Чүйдө жана Бишкекте жол курулуштарына текшерүү жүргүзүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы бир катар жол курулуш объектилерин кыдырды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министр Бишкектеги Профсоюз көчөсүндөгү, Түндүк айланма жолундагы жана Чүй облусунда жүрүп жаткан жол куруу иштеринин жүрүшү менен таанышып, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берди. Иш

Бишкекте өткөн "Өлбөс полкко" 30 миңден ашуун адам катышты

Бишкекте өткөн "Өлбөс полкко" 30 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларды эскерүүгө арналган "Өлбөс полк" аттуу аскердик-патриоттук акция өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жүрүшкө 30 000ден ашык адам катышты. Акциянын катышуучулары согушта курман болгон же тылда эмгектенген туугандарынын, ардагерлердин сүрөттөрүн көтөрүп, Д. Асанов атындагы парктан Жеңиш аянтындагы "Түбөлүк