"Жаңырейшн аймак" долбоорунун колдоосу менен эмерек бизнесибизди өнүктүрүп жатабыз — Дурдана Сапарова

"Жаңырейшн аймак" долбоорунун колдоосу менен эмерек бизнесибизди өнүктүрүп жатабыз — Дурдана Сапарова

"Жаңырейшн аймак" долбоорунун каржылык колдоосу менен баткендик Дурдана Сапарова өзүнүн эмерек бизнесин кеңейтип, келечекте дагы жумушчулардын санын он бештей адамга көбөйтүүнү пландап жаткан учуру.  

Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз?

— Мен Сапарова Дурдана, Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бужум айылынан болом. Үй-бүлөдө биринчи, тун бала болуп, ишкерлердин үй-бүлөсүндө чоңойгонмун. Үй-бүлөлүүмүн, үч баланын энесимин. Бужум айылындагы "Бужум" орто мектебин кийин Ош Технологиялык университетинде бухгалтер-экономист адистиги боюнча билим алгам.

Ишиңизди кайсы жылы жана кантип баштадыңыз? Мунун баары кантип башталды? Эгер бул үй-бүлөлүк бизнес болсо, кайсы жылы жана кандай шартта активдүү иштеп калдыңыз?

— Бул биздин үй-бүлөлүк бизнесибиз. Жолдошум бир канча жыл архитектура тармагында иштеп, 2015-жылы үй шартында айылдыктардын эмеректерин жасап жүрдү, андан кийин келечекте эмерек цехин ачуу максатында, акча каражаты жетишсиз болуп, кайра Москвага барып иштеп, эмерек кесүүчү станок сатып келип, 2022-жылы эмерек цехин ачып, азыркы күндө, элдин кызматында иштеп жатабыз.

"Яркий дом Баткен" бул биздин үй-бүлөлүк бизнесибиз, биз ламинат, акрилдан жасалган мебелдин бардык түрүн жасайбыз. Мен негиздөөчү -менеджер болуп иштеймин, бизнесибиздин финансы, продажа, реклама тармагын караймын жана бош убактымда мастерлерге кошулуп эмерек жасаймын. Буга чейин жалпысынан 4 кызматкер иштечү, грант алгандан кийин дагы 3 жумушчу кошкону турабыз жакынкы күндөрү. Андан соң келечекте цехибизди чоңойтуп, 10-15 жумушчу топ түзүүгө белсенип жатабыз.

— "Жаңырейшн аймак" долбоору тууралуу кайдан уктуңуз? Грант алуу үчүн эмне кылышыңыз керек болчу?

— "Жанырейшн аймак" долбооруу тууралуу инстаграм соцтармагынан кокустан эле көрүп калып, арыз толтуруп койгон болчумун. Грант алуу үчүн келечекте эмерек цехин ачуу үчүн каражатыбыз жетишсиз болгондуктан, биздеги көйгөйлөрдүн баарын жазып толтурганмын.

Долбоорлор каржылоо үчүн кантип тандалып алынган?

— Алгач мага арыз толтургандан кийин долбоорго тандалып алынганым жонундо смс келген. Андан соң онлайн форматта окуп, акселерациянын биринчи туруна тандалып алып, аны оффлайн форматта Ош шаарында окуп, андан да тандалып алып, Бишкек шаарында экинчи туруна барып катышып, андан да өтүп, биздин долбоор тандалып алынды.

— "Жаңырейшн аймак" долбоору сизге кандай жардам бергенин айтып бериңизчи. А жана Б раундунда эмнеге ээ болдуңуз?

— Долбоор ишкерлерге жабдуулар, техникалык колдоо жана окутуу аркылуу жардам берет. Долбоор бизге биринчи турдан ламинаттын четин кромка жабыштырып берүүчү 1500 долларга станок сатып берди. Экинчи турдан 4500 долларга эмерек жасоо учун материал сатып алып берди.

Грант алуу долбооруңузга кандай  мүмкүнчүлүктөрдү түзүлдү?

— Абдан сонун мүмкүнчүлүк түзүлдү. Анткени биз айыл жергесинде тургандыктан мындай чоң суммада материал алууга каражатыбыз жетишпей, ар тараптан каражат издеп, бирок эч кандай майнап чыкпай, жумушубуздун алдыга жылуусуна тоскоолдуктар болуп жатканда бул грант биз үчүн өтө чоң кубаныч алып келди.

Канча жумуш орундарын түзүүгө жетиштиңиз?

— Буга чейин жалпысынан 4 кызматкер иштечбз, грант алгандан кийин дагы 3 жумушчу кошкону турабыз жакынкы күндөрү. Андан соң келечекте цехибизди чонойтуп, 10-15 жумушчу топ түзүүгө белсенип жатабыз.

Келечекке кандай пландарыңыз бар? Мындан ары бизнесиңизди өнүктүрүү үчүн эмне кылууну пландап жатасыз? Беш жылдан кийин бизнесиңизди кайдан көрөсүз?

— Келечекте азыркы цехибизди 3 кабаттуу цехке айландырып, жумушчулардын санын көбөйтүп, жумшак мебелдерди жасап жана фрезерный станок сатып алып кыргыз орнаменттери түшүрүлгөн эмеректерди жасап чыгарабыз деген максаттарыбыз бар. Андан сырткары, Баткен облусунун башка райондоруна да филиалдарды ачып, жумшак эмеректердин формасын тигүү үчүн кыз-келиндерди да жумушка алып, окутуп чыгарсак деген үмүтүбүз чоң.


Бизнес-долбоорлордун сынагы БУУӨП "КРнын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында COVID-19нын терс кесепеттеринен социалдык-экономикалык калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Нарын облусуна 5 жылда 6,8 млрд сомдук инвестиция тартылды

Нарын облусуна 5 жылда 6,8 млрд сомдук инвестиция тартылды

Акыркы 5 жылда Нарын облусуна 6 млрд 800 млн сомдук чет элдик инвестиция тартылганын президент Садыр Жапаров Нарын шаарында эл менен жолгуп жатып билдирди. Өлкө башчысынын айтымында, Теңир-Тоо — энергетикалык дарамети жогору аймак. "Нарын дарыясынын зор потенциалы облуста энергия булактарын өндүрүүнүн келечегин кеңейтет. Учурда кубаттуулугу 100 МВттык Куланак ГЭСи курулууда.

Нарындагы ипотекалык үйлөр жакында курулуп бүтөт

Нарындагы ипотекалык үйлөр жакында курулуп бүтөт

Нарын облусунда салынып жаткан ипотекалык үйлөрдүн курулушу жакында аяктарын Нооруз майрамында куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров билдирди. Өлкө башчысынын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна 2 млрд сомго жакын акча каражаты топтолуп, түшкөн каражаттар аймакты өнүктүрүүгө, анын ичинде Нарын облусунда бир катар социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорго багытталууда.

Нарын 2025-жылы 157 952 турист келип, туризмден түшкөн киреше 147 сом болгон

Нарын 2025-жылы 157 952 турист келип, туризмден түшкөн киреше 147 сом болгон

2021-2025-жылдар аралыгында Нарын облусунда туристтердин агымынын туруктуу өсүшү, кирешенин көбөйүшү жана инфраструктуранын өнүгүшү байкалууда. Нарындагы Нооруз майрамында белгиленгендей, 2025-жылы аймак рекорддук көрсөткүчтөргө жетти. Облус аймагына 157 миң 952 турист келсе, анын ичинен 43 миң 202си чет элдиктер. Туризм тармагынан түшкөн киреше 147 млн сомдон ашты. Негизги багыттар экотуризм жана ички

Нарында 3306 гектар сугат жери өздөштүрүлөт – С.Жапаров

Нарында 3306 гектар сугат жери өздөштүрүлөт – С.Жапаров

Соңку беш жылда Нарында ирригация тармагында 3 млрд сомго жакын иштер аткарылганын президент Садыр Жапаров бүгүн Нарын шаарында өтүп жаткан Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди. Өлкө башчысы белгилегендей, Нарын тоолуу өрөөн, кокту сайын суу түшкөн аймак болгону менен, облуста сугат суу менен камсыздоодо дагы көйгөйлөр болуп келген. Мындан улам