Тоң районунда күнөскана менен көчөт жана үрөн сактоочу кампа ачылды

Тоң районунда күнөскана менен көчөт жана үрөн сактоочу кампа ачылды

Токой кызматынын Тоң токой чарбасында заманбап күнөскана менен көчөт жана үрөн сактоочу муздаткыч кампасынын ачылышы болду.

Бул объектилер Түрк мамлекетинин Өкмөтүнүн каржылык колдоосунун жана БУУнун азык-түлүктүк жана айыл чарба уюмунун Friends долбоорунун алкагында курулуп жатат. Күнөсканага 2 млн 150 миң 118 сом, ал эми муздаткыч кампага 1 млн 304 миң 240 сом сарпталган.
Ошондой эле Тоң токой чарбасынын көчөт сатуу жана башка кызмат көрсөтүүлөрдөн топтолгон өздүк каражатынын эсебинен чарбанын кеңсеси 1 млн 915 миң 168 сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, бүткөрүлдү.

Президент С.Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылып жаткан "Жашыл мурас" кампаниясынын алкагында Тоң токой чарбасынын Кара-Кемер участогуна 30 гектар аянтка 37 500 түп ийне жалбырактуу бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду. Аталган аянт жогоруда белгилеп кеткен Түркия мамлекетинин каржылык колдоосу жана БУУнун азык-түлүктүк жана айыл чарба уюмунун техникалык колдоосу менен тосмолонуп, токой отургузуу иш чарасы 3 млн 099 миң 586 сомго каржыланды.

Мындан тышкары окуңуз

Президент жарандык берүү жана жарандыктан чыгуу боюнча жарлыктарга кол койду

Президент жарандык берүү жана жарандыктан чыгуу боюнча жарлыктарга кол койду

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, жарандыктан чыгуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, жарандык алган адамдардын арасында тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар басымдуулук кылат. Ошондой эле мурда Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, учурда

Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек шаарында 64 инфраструктуралык объектти ишке ашырууга 611,2 миллион сом каралган. Бул тууралуу борбор калаанын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктарына арналган коллегиялык жыйында маалымдалды. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын маанилүү окуяларынын бири Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын бекитилиши болду. Документ борбор калааны алдыдагы 25 жылда өнүктүрүүнүн

Караколдо жаңыланган Пушкин сейил багы пайдаланууга берилди

Караколдо жаңыланган Пушкин сейил багы пайдаланууга берилди

Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бак реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди. Жаңыланган эс алуу жайынын ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Кечээ Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бак реконструкциядан кийин расмий түрдө пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев №58 жана №112 мектептерде жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Мэриянын маалыматына ылайык, №58 мектептин аймагында кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут жана балдар аянтчалары курулууда. Ошондой эле тышкы жарыктандыруу орнотулуп, чуркоо жолдору, пандустар жана отургучтар коюлат. Мындан тышкары, тротуарлар менен