“Ата-Бейитти” өнүктүрүү боюнча архитектуралык сынак жарыяланды

“Ата-Бейитти” өнүктүрүү боюнча архитектуралык сынак жарыяланды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги президентин тапшырмасына ылайык «Ата-Бейит» мемориалдык комплексин куруу, көрктөндүрүү жана инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча архитектуралык концепцияны иштеп чыгууга ачык конкурс жарыялайт. Тапшырмасынын аткарылышын координациялоо жана көзөмөлдөө Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев тарабынан жүргүзүлөт.

Конкурстун негизги максаты — комплекстин тарыхый жана руханий маанисин сактоо, улуттук эс тутумду чагылдырган заманбап архитектуралык мейкиндикти түзүү, аймакты көрктөндүрүү жана келгендер үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу.

Конкурска тиешелүү кесиптик квалификациясы жана тажрыйбасы бар архитекторлор, долбоорлоо жана шаар куруу уюмдары, инженерлер, дизайнерлер, илимий-изилдөө мекемелери, ошондой эле чыгармачыл жамааттар катышууга чакырылат.

Конкурстун негизги талаптарына мемориалдык комплекстин тарыхый өзгөчөлүгүн жана учурдагы эстеликтерин сактоо, аймакты архитектуралык жактан өнүктүрүү, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, транспорттук жана инженердик инфраструктураны жакшыртуу, эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө, расмий делегацияларды кабыл алууга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүү кирет.

Катышуучулар комплексти өнүктүрүүнүн архитектуралык концепциясын, аймактын башкы планын, сунушталган объекттердин эскиздик долбоорлорун, көрктөндүрүү жана инфраструктура боюнча сунуштарын, визуалдык материалдарды, түшүндүрмө катты, долбоордун болжолдуу наркынын эсебин жана аны этап-этабы менен ишке ашыруу планын тапшырууга тийиш. Ошондой эле катышуучулардын кесиптик квалификациясын ырастоочу документтер талап кылынат.

Конкурстук табыштамалар жана материалдар 2026-жылдын 27-октябрынан 27-ноябрына чейин кабыл алынат.

Дареги: Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 441.Электрондук почта: mincult@mail.gov.kg Конкурстун жеңүүчүлөрү атайын комиссиянын чечими менен аныкталат. Сыйлоо шарттары, байге фонду жана кошумча техникалык талаптар өзүнчө жобого ылайык белгиленет.

Мындан тышкары окуңуз

“Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке банк болот

“Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке банк болот

Кыргызстанда ачылып жаткан “Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке коммерциялык банк болуп саналат. Анын негиздөөчүсү жеке жак болуп, уставдык капиталы 1 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Улуттук банктын банктык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Элизат Жапарова басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, Улуттук банк жаңы финансылык уюмду түзүүгө уруксат берген, бирок банктык операцияларды

Ишкер Media
Азамат Эсенбеков Президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Азамат Эсенбеков Президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн Азамат Эсенбеков Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу БШКдан маалымдады. Билдирүүгө караганда, Президенттик шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген. Буга чейин Аймен Касенов президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөнү маалым. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер

Ишкер Media
Ошто 4 муниципалдык объект ижарага берилет

Ошто 4 муниципалдык объект ижарага берилет

Ош шаарында 4 муниципалдык объектти убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс жарыяланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, конкурска аянты жана пайдалануу багыты ар башка болгон төрт объект коюлду. Алардын биринчиси - Сүрөттүү-Таш айылындагы аянты 61 чарчы метр болгон бир кабаттуу имарат. Анын баштапкы ижара акысы айына 17 миң 294 сомду

Ишкер Media
Япониялык ишкерлер Кыргызстандан сурьма жана кремний сатып алууга кызыкдар

Япониялык ишкерлер Кыргызстандан сурьма жана кремний сатып алууга кызыкдар

Япон компаниялары Кыргызстанда өндүрүлгөн сурьма менен кремнийди сатып алууга кызыкдар экенин билдиришти. Бул маселе Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин Японияга расмий сапарынын алкагында ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда талкууланган. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, төрага менен жолугушууга Кейданрен бизнес федерациясынын Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтык

Ишкер Media