Компаньон тиркемесиндеги депозиттер: чендер жылдык сом менен 16% га чейин көтөрүлдү

Компаньон тиркемесиндеги депозиттер: чендер жылдык сом менен 16% га чейин көтөрүлдү

Компаньон Банкы онлайн-депозиттер боюнча чендерди жогорулатат. Мындан ары "Компаньон" тиркемесинен аманаттар боюнча сом менен жылдык 16% га чейин алууга болот.

Депозит деген эмне?

Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул сиз банкка сактоого өткөрүп берген жана инвестициялардан кошумча киреше алган акчаңыз. Пайыздык чен канчалык жогору болсо, топтолгон акчаңыз ошончолук көп болот! Муну менен сиз чогулткан каражатыңызды көбөйтүү менен гана чектелбестен, каржылык "коопсуздук жаздыгын" да камсыздай аласыз.

Компаньон Банкынын кардарларынын депозиттери ишенимдүү коргоого алынган жана Депозиттерди коргоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан камсыздандырылган. Бул уюм банктын бардык депозиттерин камсыздандырат жана кепилдик учуру келип чыккан учурда 1 млн.сомго чейин компенсация төлөйт.

Депозиттин кайсы түрүн тандап алуу керек?

Бардыгы сиздин мүмкүнчүлүктөрүңүздөн жана максаттарыңыздан көз каранды. Эгер ири сатып алуу үчүн каражат топтоо же аманат түзүү керек болсо, анда сизге "Топтолуучу" депозити туура келет. Бул толуктоо мүмкүнчүлүгү бар салым болуп саналат. Ал эми максималдуу киреше алуу үчүн "Мөөнөттүү" салымын тандап алуу оң. Мындай салым банкка салган акча каражатыңыздын суммасы түрүндө сакталат жана пайыздар менен бирге толугу менен кайтарылып берилет. Мөөнөттүү аманаттар боюнча акча каражаттарын толуктоого же жарым-жартылай алууга жол берилбейт, бирок пайыздар боюнча кирешени ай сайын алууга болот.

"Топтолуучу" депозитин ачуу учурунда чен 15,5% га чейин, ал эми "Мөөнөттүү" депозити үчүн сом менен жылдык 16% га чейин жогорулаган. Натыйжалуу пайыздык чен 17,21% га чейин. Депозитти 3 айдан 36 айга чейин ачууга болот.

Компаньон мобилдик тиркемесинде депозит ачуу үчүн бир нече жөнөкөй кадамдарды аткарыңыз:

  • "Депозиттер" бөлүмүнө өтүңүз;
  • "Жаңы депозит ачуу" баскычын басыңыз;
  • керектүү депозитти тандаңыз;
  • өнүмдүн шарттарын окуп чыгып, "Депозитти ачуу" баскычын басыңыз;
  • салымдын суммасын, мөөнөтүн көрсөтүп, "Андан ары" баскычын басыңыз;
  • киргизилген маалыматтарды текшерип, депозитти ачууга макулдук бериңиз.
Болду, депозит ачылды. Чогулган каражаттарыңызды "Менин депозиттерим" бөлүмүнөн текшере аласыз.

Эгер сизде “Компаньон” тиркемеси жок болсо, анда сиз аны Play Market же App Storeдон жуктөп алсаңыз болот. Ал эми каттоодон өтүү үчүн банктын кеңсесине баруунун кажети жок, тиркемеде идентификацияны аралыктан жүргүзсө болот.

Депозитти тиркемеде ыңгайлуу убакта каалаган суммага толуктоого болот, ошондой эле комиссиясыз толуктоонун альтернативдүү жолдору да бар:

  • интернет-банкингде;
  • Компаньон Банкынын терминалдары жана өнөктөш Pay 24, UMAI, Capital Bank, О! Деньги терминалдардан;
  • ЭЛКАРТ Мобайл, О! Деньги, Balance, Namba One, PCК Банк, My Halyk электрондук капчыктар жана тиркемелер аркылуу.

Мындан тышкары, комиссия төлөө менен жана башка өнөктөш терминал, электрондук капчыктар жана банктык тиркемелер аркылуу толуктоо мүмкүнчүлүгү бар.

Депозитти ачыңыз жана "Компаньон" тиркемеси менен каржылык максаттарыңызга жетиңиз!

Көбүрөөк маалыматты www.kompanion.kg расмий сайтынан, ошондой эле 8800 номери боюнча (КР мобилдик операторлорунун чалуусу акысыз) Кардарларды колдоо кызматынан алсаңыз болот.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан рыногунда 100гө жакын үстөмдүк кылуучу компания бар

Кыргызстан рыногунда 100гө жакын үстөмдүк кылуучу компания бар

Депутат Эльвира Сурабалдиева 2026-жылдын 11-мартында Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында Кыргызстан рыногунда канча монополист компания бар экенин сурады. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Айбек Мамыралиев өлкөдө болжол менен 100гө жакын үстөмдүк кылган компания бар экенин билдирди. Айбек Мамыралиевдин айтымында, мындай компаниялар товарлардын баасын жогорулата башташса адегенде компанияга эскертүү берилет, андан

Кыргызстанда кооперативдерге колдоо көрсөтүү менен 2 миң гектар жер иштетилет

Кыргызстанда кооперативдерге колдоо көрсөтүү менен 2 миң гектар жер иштетилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөдө айыл чарбасын модернизациялоо жана кооперацияны өнүктүрүү боюнча бир катар маанилүү кадамдарды ишке ашырууда. Кооперативдерди колдоо программасынын алкагында фермердик бирикмелерге заманбап айыл чарба техникалары берилип жатат. 2026–2027-жылдары кооперативдер аркылуу 2000 гектарга жакын айыл чарба аянты тейленип, 120дан ашык жаңы

YouTube 2025-жылы жарнамадан эле 40,4 млрд доллар киреше тапкан

YouTube 2025-жылы жарнамадан эле 40,4 млрд доллар киреше тапкан

YouTube өткөн жылы жарнамадан түшкөн киреше боюнча Голливуддун ири медиа-компанияларын артта калтырды. 2025-жылы платформа жарнамадан 40,4 млрд доллардан ашык киреше тапканын Moffett Nathanson компаниясынын маалыматына таянып TechCrunch жазган. Салыштыруу үчүн айтсак, Disney, NBCUniversal, Paramount жана Warner Bros. Discovery компанияларынын жарнамадан түшкөн жалпы кирешеси 37,8 млрд долларды түзгөн. Бул

Мэриянын артына 9 кабаттуу имараттын ордуна жер алдындагы паркинг курулат

Мэриянын артына 9 кабаттуу имараттын ордуна жер алдындагы паркинг курулат

Бишкек шаардык мэриясынын арт жагына жаңы 9 кабаттуу объекттин ордуна жер алдындагы унаа токтотуучу жай (паркинг) куруларын вице-мэр Азамат Кадыров Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Жыйын учурунда депутат Алмаз Аскар уулу  мэриянын арт жагында курулуп жаткан долбоор боюнча сурады.