YouTube 2025-жылы жарнамадан эле 40,4 млрд доллар киреше тапкан

YouTube 2025-жылы жарнамадан эле 40,4 млрд доллар киреше тапкан

YouTube өткөн жылы жарнамадан түшкөн киреше боюнча Голливуддун ири медиа-компанияларын артта калтырды. 2025-жылы платформа жарнамадан 40,4 млрд доллардан ашык киреше тапканын Moffett Nathanson компаниясынын маалыматына таянып TechCrunch жазган.

Салыштыруу үчүн айтсак, Disney, NBCUniversal, Paramount жана Warner Bros. Discovery компанияларынын жарнамадан түшкөн жалпы кирешеси 37,8 млрд долларды түзгөн.

Бул өзгөрүү негизинен акыркы бир жыл ичинде болгон.
2024-жылы:

  • YouTube жарнамадан 36,1 млрд доллар тапкан;
  • жогорудагы төрт медиа-гигант 41,8 млрд доллар киреше алган.

Эксперттер муну контент керектөөнүн өзгөрүшүнүн айкын белгиси деп эсептешет.

Голливуд студияларыында кино жана сериал өндүрүүгө миллиарддаган доллар салынганы менен студиялар бир катар көйгөйлөргө туш болгон:

  • салттуу телевидениенин аудиториясы азайып жатат;
  • контент өндүрүүгө кеткен чыгымдар өсүүдө;
  • санарип платформалар тарабынан атаандаштык күчөп жатат.

Ал тургай өздөрүнүн стриминг платформаларына ири инвестиция салуу да студияларга YouTube’дун өсүү темпине жетүүгө жардам бере элек.

YouTube’дун жалпы кирешеси

YouTube’дун башкы компаниясы Alphabet 2025-жылы платформанын жалпы кирешеси 60 млрд долларга жеткенин билдирген. Бул кирешенин чоң бөлүгү жазылуулардан түшөт. Аларга төмөнкү кызматтар кирет:

  • YouTube TV
  • YouTube Premium
  • YouTube Music
  • NFL Sunday Ticket

Салыштыруу үчүн, ошол эле мезгилде Netflix компаниясынын жылдык кирешеси 45,2 млрд доллар болгон. Ал эми Disney компаниясынын медиа бөлүмү жазылууларды кошкондо өткөн жылы 60,9 млрд доллар жалпы киреше тапкан.

Жакшы көрсөткүчтөргө карабастан, YouTube жарнамадан түшкөн киреше боюнча дагы эле ири технологиялык компаниялардан артта калууда. Мисалы, Meta компаниясы 2025-жылы жарнамадан 196,2 млрд доллар тапкан.

Бирок эксперттердин айтымында, бул жагдай өзгөрүшү мүмкүн. Себеби жарнама берүүчүлөрдүн YouTube’га болгон кызыгуусу өсүүдө. Мунун негизги себептеринин бири — платформанын аудиториясы, айрыкча жаш колдонуучулар убактысынын көбүн дал ушул жерде өткөрө баштаганы.

2025-жылдын IV кварталында гана YouTube’дун жарнамадан түшкөн кирешеси 11,4 млрд долларга жеткен.

Мындан тышкары окуңуз

2027-жылдын 1-февралына чейин Кыргызстанда алманын импортуна тыюу салуу сунушталды

2027-жылдын 1-февралына чейин Кыргызстанда алманын импортуна тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда ата мекендик багбанчылык чарбаларын колдоо максатында алманы импорттоого убактылуу тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, үчүнчү өлкөлөрдөн жана ЕЭБ мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга алма алып келүүгө 2027-жылдын 1-февралына чейин чектөө киргизүү каралган. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө мөмө берүүчү алма бактарынын аянты

Ишкер Media
Караколдо бетон заводун куруу боюнча конкурс жарыяланды

Караколдо бетон заводун куруу боюнча конкурс жарыяланды

Каракол шаарынын мэриясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында товардык бетон жана темир-бетон буюмдарын өндүрүүчү заманбап завод куруу долбоору боюнча конкурска катышууга чакырат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Долбоордун максаты – шаардагы курулуш жана инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде жаңы пляжды куруу жана инфраструктураны жаңылоо иштерин курулуш материалдары менен камсыз кылуу.

Ишкер Media
Кант–АБЗ жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилет

Кант–АБЗ жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилет

Кант-АБЗ унаа жолунун 10,2-чакырымынан 11-чакырымына чейинки тилкесинде ресайклинг технологиясы менен асфальт басуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, 10-октябрдан 17-октябрга чейин аталган тилкеде оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Чектөө жол куруу иштерин сапаттуу жүргүзүү жана жаңы төшөлгөн

Ишкер Media
Баткенде 13 жетим балага жер тилкеси берилди

Баткенде 13 жетим балага жер тилкеси берилди

Баткен облусунун прокуратурасы жетим балдардын мүлктүк укуктарын коргоо боюнча текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында 13 тоголок жетим балага кезексиз жер тилкелери бөлүнүп берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жер тилкелери турак жай куруу үчүн берилген. Прокуратура жергиликтүү бийлик органдарына прокурордук актыларды киргизип, жетим

Ишкер Media