Мэриянын артына 9 кабаттуу имараттын ордуна жер алдындагы паркинг курулат

Мэриянын артына 9 кабаттуу имараттын ордуна жер алдындагы паркинг курулат

Бишкек шаардык мэриясынын арт жагына жаңы 9 кабаттуу объекттин ордуна жер алдындагы унаа токтотуучу жай (паркинг) куруларын вице-мэр Азамат Кадыров Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди.

Жыйын учурунда депутат Алмаз Аскар уулу  мэриянын арт жагында курулуп жаткан долбоор боюнча сурады. Вице-мэрдин айтымында, ал жерде жер алдындагы паркинг жана анын үстүндө көрктөндүрүлгөн аймак, башкача айтканда сквер болот.

Азамат Кадыров буга чейин ар кандай варианттар каралганын, жыйынтыгында эки деңгээлдүү жер алдындагы паркинг  жана анын үстүндө көрктөндүрүү аймагы болот деген акыркы чечим кабыл алынганын айтты.

Азамат Кадыровдун маалыматы боюнча, башында бул долбоор үчүн 1 млрд сом бюджетке киргизилген, кийин өзгөртүүлөр киргизилип, каражаттын бир бөлүгү райондорду өнүктүрүүгө багытталган.
Вице-мэр Азамат Кадыровдун айтымында жер алдындагы паркинг сөзсүз курулат. "Унаа токтотуучу орундардын саны мурда 34–40 орун болсо, эми 100 унаага ылайыкталган муниципалдык жер алдындагы паркинг болот", — деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Өлкөдө энергетика тармагында масштабдуу жаңылануу жүрүүдө. Союз тарагандан бери оңдоодон өтпөгөн аба чубалгылары жаңыртылып, тармактардын кубаттуулугу жогорулатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Манас шаарында 2025-жылы 2700дөн ашуун, 2026-жылдын 5 айында 1254 жаңы абонент кошулган. Жыл аягына чейин дагы 4000 абонентти кошуу пландалууда. Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен шаарда

Ишкер Media
ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Бүгүн, ЖКтин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырып, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана

Ишкер Media
Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо – 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин уюштурулуп, айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына

Ишкер Media
Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан БУУнун кылмыштуулукту алдын алуу жана кылмыш-жаза адилеттүүлүгү боюнча 15-конгрессине катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, делегация курамында юстиция министри Алмаз Айылчиев, Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бар. Жогорку деңгээлдеги сегментте Кыргызстандын

Ишкер Media