Кытай этти сатып алуу үчүн Кыргызстанда эки лаборатория курат

Кытай этти сатып алуу үчүн Кыргызстанда эки лаборатория курат

Кытай Кыргызстандан этти сатып алуу үчүн азыктын сапатын текшерип алууга өлкөнүн түштүк жана түндүк аймактарына эки лаборатория курат. Бул тууралуу "Торо" ЖЧКнын жетекчиси Эмил Мамбеткулов билдирди.

ИШКЕР MEDIA Мамбеткулов менен байланышып, Кытайга эт качан экспорттолуп баштай тургандыгын сурады. Эске салсак, минкаб август айында Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Үрүмчү шаарында өткөн кыргыз-кытай бизнес форумунда 1 млрд доллардан ашуун суммадагы келишимдерге кол коюлганын жана анын ичинде КРдан "ТОРО" ЖЧК менен кытайлык Tianjin KuaiXianSong Vegetable Sales Co., Ltd компаниясынын ортосунда КРдан КЭРге эт экспорттоо жөнүндө макулдашуу болгонун билдирген болчу.

Мамбеткуловдун айтымында, Кытай Кыргызстанда лаборатория курууну көздөөдө.

"Кытайга эт азыр чыкпайт, алар Кыргызстанда түндүккө бир, түштүккө бир лаборатория салабыз деп жатышат, ошондон кийин гана чыгып баштайт. Курулушун болжолдуу ноябрь-декабрь айлары деп жатабыз", - деди ал.

Ошондой эле "Торо" ЖЧКнын жетекчиси убактылуу эт менен иштебей жатканын, ишканасында ремонт болуп жатканын жана Бельгиядан аудиттерди күтүп жатканын кошумчалады.

Буга чейинки мамлекеттик деңгээлдеги келишимдер деле токтоп турат

Үстүбүздөгү жылдын башында "Торо" компаниясы Венгрияга жана Бириккен Араб Эмираттарына эт экспорттоону пландаштырып жатканы буга чейин кабарланган болчу. Бирок тилекке каршы, көп өтпөй компания экспортко чыгалбай калганын билдирген.

Ата мекендик "Торо" ЖЧК муздатылган кой этин элүүдөн 100 тоннага чейин ай сайын БАЭге жеткирүү боюнча келишим түзгөнүн жана аны үч этап менен экспорттой турганын КР Экономика министрлиги да билдирген болчу.

Ал эми ушул жылдын февраль айында президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында аталган компания уй жана козу этин алып барышкан, жыйынтыгында, венгерлер эки айдан кийин этти сатып алууга келишим түзүү боюнча Кыргызстанга келишкени айтылган эле. Ошондой эле Венгрияга этти жумасына 20 тоннадан 40 тоннага чейин экспорттоо күтүлүп жаткан. Анда түзүлгөн келишимдерге карабай, эмне үчүн компания экспортко чыга албай жатканынын себебин сураган элек.

"Кошуна мамлекеттерде эттин баасы 450 сом, ал эми бизде 550 сом болуп жатат. Баадан Казакстан менен атаандаштыкка туруштук бере албаганыбыз үчүн биздикин алуудан баш тартышты. Венгерлердин эксперттери келип кетишти, бул жактан үч жерден бааны алып көрүштү. Кымбат экенин байкап, баа ордуна келгенге чейин келишимди токтотуп коюшту", — деген эле Мамбеткулов.

Буга чейин Кыргызстандын этинин экспортко чыкпай калганынын себебин чийки заттын жетишсиздиги деген маалыматтарды компаниянын жетекчиси четке каккан.

"Эт бар, баасы туура келбей жатат. Интервенция жасап, долларды 85тен ашырганга болбойт деп кармап жатабыз. Аларда акча эркин "плаваниеде" турат, доллардын баасы эркин базарда аныкталат. Экинчиден, бизде жемдин, чөптүн баасы кымбат болуп калды. Ар кандай факторлор көп. Азыр биз этти ички рынокко эле чыгарып жатабыз", — деген Мамбеткулов.

Эскерте кетсек, 2021-жылы "Торо" өндүрүшүн кеңейтүү үчүн USAIDдин "Атаандаштыкка жөндөмдүү ишкана" долбоорунун алкагында этти абдан тез тоңдуруп, анын даамын, сапатын жана сырткы көрүнүшүн сактап кала турган камера сатып алган. Ошондой эле ISO 22000 эл аралык азык-түлүк коопсуздугу сертификатын да алган эле.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 97 пайызга жакын объектилерге жылуулук берилди

Бишкекте 97 пайызга жакын объектилерге жылуулук берилди

"Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишканасынын отканаларынан жылуулук алган объектилердин 97 пайызга жакыны жылуулукка кошулду. Бишкек мэриясы билдиргендей, учурда абоненттерди жылуулук менен камсыздоо системасына кошуу иштерин улантылууда. Бүгүн саат 10:00гө карата отканаларды ишке киргизүү жана объектилерди жылуулук менен камсыздоо көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй болду: * Отканаларды ишке киргизүү — 99%; * Саламаттык сактоо мекемелери — 100%

Ишкер Media
Баткенде 791 кг мөмө-жемишти мыйзамсыз түшүрүү фактысы аныкталды

Баткенде 791 кг мөмө-жемишти мыйзамсыз түшүрүү фактысы аныкталды

Баткен облусунун Айдаркен шаарында бажы транзитинин эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-октябрда бажы кызматкерлери Өзбекстандын жараны башкарып бара жаткан Daewoo Damas үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Билдирүүгө караганда, унаада Өзбекстандан Кыргызстандын аймагы аркылуу Сох анклавына транзит менен жеткирилүүгө тийиш болгон жалпы салмагы 791 кг

Ишкер Media
Ош облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казгандарга айып салынды

Ош облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казгандарга айып салынды

Ош облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казуу фактылары аныкталып, жалпы 60 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычында жүргүзүлгөн рейд учурунда уруксат документтери жок кум-шагыл казуу фактысы аныкталып, 20 миң сом айып салынган. Ошондой

Ишкер Media
Эмгек министрлиги мигранттарды реинтеграциялоону талкуулады

Эмгек министрлиги мигранттарды реинтеграциялоону талкуулады

29-октябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жолугушууга Эл аралык жеке ишкердик борборунун (CIPE) Европа жана Евразия боюнча директору Наталия Оцел Белан жана АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Адам Тибо катышты. Тараптар 2026-2030-жылдарга кайтып келген

Ишкер Media