Депутаттар Ысык-Көлдүн жээгине Азербайжан тарабынан 5 жылдыздуу мейманкана куруу долбоорун колдоошту

Депутаттар Ысык-Көлдүн жээгине Азербайжан тарабынан 5 жылдыздуу мейманкана куруу долбоорун колдоошту
Photo by Mike Dudin / Unsplash

ЖКнын эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жыйынында Азербайжан тарабанын Ысык-Көлдүн жээгинде 5 жылдыздуу мейманкана куруу үчүн инвестициялар жөнүндө макулдашуунун долбоору талкууланды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Макулдашуунун долбоорун Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов тааныштырды. Ал билдиргендей, 5 жылдыздуу мейманкананы  Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылына куруу пландалууда жана ага жалпысынан  17.24 гектар жер бөлүнүп берилүүдө. Директордун орун басары макулдашуу 1997-жылдагы кыргыз өкмөтү менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды коргоо жана колдоо келишиминин негизинде иштелип чыкканын белгилеп, макулдашууну колдоп берүүнү өтүндү.

«Бул туристтерди тартуунун стратегиялык кадамынын бири болуп саналат.  5 жылдыздуу мейманкана куруу мөөнөтү 3 жыл. Жердин жалпы аянты 17.24 гектар, анын ичинен 4.92 гектары – парк, пляж болмокчу. Ал эми  12.32 гектар  - инфрастурктура же мейманкага курулган жер»,-деди Баясов.

Депутат Таалайбек кызы Жылдыз макулдашуу бүгүн гана комитетте каралып жатканын белгилеп, буга чейинки чалгындоо иштери эмненин негизинде жүргүзүлгөнүнө кызыкты. Президенттин Иш башкармалыгын өкүлү иш ыкчам жүрүшү үчүн даярдоо иштери гана жүргүзүлгөнүн айтты.  Депутат 49 жылдан кийин мейманкана Кыргызстанга кайра кайтарылабы же жокпу деген маселени да тактады.  Н.Баясов 49 жыл өткөндөн кийин объект Кыргызстандын карамагына өтөрүн ошол эле маалда Азербайжан макулдашууну узартууга укуктуу экенин белгиледи. Комитет төрагасы Улан Примов Юстиция министрлигинин корутундусун эске алып,  жер жана андагы курулмалардын 49 жылдан кийинки тагдырын аныктоо боюнча   кемчиликтерди жоюу сунушун берди.

Талкууда депутат Шайлообек Атазов курула турган 5 жылдыздуу мейманканадан Кыргызстан кандай пайда көрөрүн сурады. Буга өлкөнүн туризм индустриясын өнүктүрүүгө, тикелей инвестиция алууга жакшы шарттар түзүлөт деген жооп болду.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстандын чек араларында экспорттук көзөмөл күчөтүлөт

Казакстандын чек араларында экспорттук көзөмөл күчөтүлөт

Казакстандын чек аралары боюнча, анын ичинде Кыргызстан жана Россия менен чектешкен тилкелерде тышкы экономикалык ишмердүүлүктү көзөмөлдөө үчүн мобилдик топтор иштей баштайт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз экспорт" борборунун директору Урмат Такиров билдирди. Анын айтымында, чек арадагы ишмердүүлүк казак тараптын жол-жоболору менен жөнгө салынат,

Товарды күтүүнү ырастоо системасы ишке киргизилет

Товарды күтүүнү ырастоо системасы ишке киргизилет

Россиянын өкмөтү тарабынан ЕАЭБ алкагында тышкы соода операцияларында салык көзөмөлүн күчөтүү үчүн иштелип чыккан товарлардын күтүүлөрүн ырастоо системасы (СПОТ) этап-этабы менен ишке ашырыларын "Кыргыз Экспорт” борборунун директору Урмат Такиров билдирди. Анын айтымында, система КНС жана акциздик жыйымдар сыяктуу кыйыр салыктарды төлөөнү милдеттүү түрдө ырастоо менен жеткирүүлөрдү жөнгө салууга багытталган.

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттарында убактылуу чектөөлөр киргизилет. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, мындай чара Кытайда эмгек күнүн майрамдоого байланыштуу көрүлүүдө. 30-апрелден тарта "Эркечтам - унаа жолу" өткөрүү пунктунда саат 22:00дөн тарта, ал эми "Торугарт - унаа жолу" өткөрүү пунктунда саат 20:00дөн баштап адамдарды,

Россияда мигранттар үчүн мамлекеттик алымдар 8 эсеге чейин жогорулайт

Россияда мигранттар үчүн мамлекеттик алымдар 8 эсеге чейин жогорулайт

Россияда миграция тармагындагы мамлекеттик алымдардын өлчөмү көбөйтүлөрүн "Ведомости" басылмасы маалымдады. Жогорулатуу көп жолу чек арадан өтүүгө мүмкүндүк берген визаларга тиешелүү болот. Алым үч эседен ашык көбөйүп, 6 миң рублга жетет. Бир адамды чакыруу үчүн төлөм сегиз эсе өсүп, 8 миң рубль болот. Туруктуу жашоого уруксат(ТЖУ) беш эсе