Кыргыз-корей экономикалык алакаларын кеңейтүүнүн багыттары аныкталды

Кыргыз-корей экономикалык алакаларын кеңейтүүнүн багыттары аныкталды

12-июнда Бишкекте Кыргыз-корей соода жана инвестициялар боюнча кызматташтык комитетинин биринчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн негизги багыттарын талкуулашты.

Жыйындын жүрүшүндө соода жүгүртүүнү жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле Бишкек шаарында KOTRA соода борборун ачуу жана эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоо маселелери каралды.

Мындан тышкары, катышуучулар критикалык минералдар тармагындагы кызматташтыктын келечеги, өнүктүрүүгө расмий жардам көрсөтүү (ODA) боюнча өз ара аракеттенүү, бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикир алышты.

Тараптар мындай жолугушуулар Кыргызстандын жана Түштүк Кореянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды бекемдөөгө жана жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын энергетикасы: суу менен көмүргө көз карандылыктан чыгууга болобу?

Кыргызстандын энергетикасы: суу менен көмүргө көз карандылыктан чыгууга болобу?

Кыргызстан жыл сайын жылытуу мезгилине жакындаганда бир эле суроого туш болот: кышында электр энергиясы жетеби? Акыркы жылдары өлкөнүн энергетика системасына күч келүүдө. Беш жыл ичинде гидроэлектр станцияларынын энергетикалык баланстагы үлүшү 90 пайыздан 70 пайызга чейин төмөндөсө, 2021-жылдан бери электр энергиясынын импорту дээрлик он эсеге өскөн. Мындай шартта Кыргызстан үчүн

Ишкер Media
Бишкектеги Күмүшалиева көчөсү пайдаланууга берилди

Бишкектеги Күмүшалиева көчөсү пайдаланууга берилди

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Октябрь районундагы С. Күмүшалиева көчөсүнүн реконструкциясын көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, оңдолгон тилкенин узундугу 570 метр, туурасы 7 метр. Эки тарабына 1,5 метрден тротуар салынып, суу агызуучу лоток жана бордюрлар орнотулган. Тургундар мэрге ыраазычылык билдирип, жол жаңыргандан кийин айдоочулар ылдамдыкты ашырып жатканын

Ишкер Media
Илимий даража үчүн төлөнүүчү үстөк акыны  көбөйтүү сунушталууда

Илимий даража үчүн төлөнүүчү үстөк акыны көбөйтүү сунушталууда

Өлкөдө илимий даража үчүн эмгек акыга ай сайын кошумча төлөнүүчү үстөк акыны 100 пайызга көбөйтүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору 21-октябрда коомдук талкууга чыгарылды. Учурда МинКабдын «Илимий даража үчүн үстөк акыларды белгилөө жөнүндө» токтомуна ылайык, ай сайын берилүүчү үстөк акылардын өлчөмү төмөнкүдөй: * Илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн — 2 700 сом,

Ишкер Media
Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Экономика жана коммерция министрлигинде 20-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын, мамлекеттик органдардын жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдады. Жолугушууга министрдин орун басары Султан Ахматов жана ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев катышты. Анда талкууланган негизги маселелер төмөнкүлөр болду: • Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо; • Жүк ташуудагы тоскоолдуктар жана

Ишкер Media