Бостериде курулуш талаптарын бузган компания 235 миң сом айыпка жыгылды

Бостериде курулуш талаптарын бузган компания 235 миң сом айыпка жыгылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан Бостери айылындагы курулуш объектилерине текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Карагай курортунун курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Атап айтканда, темир-бетон конструкцияларын курууда бекитилген долбоордук чечимдер сакталбаганы жана дубал конструкцияларынын сапатына коюлган талаптар бузулганы белгиленди.

Маалыматка ылайык, бул фактылар шаар куруу жана курулуш ченемдеринин талаптарын одоно бузуу катары бааланган.

Анын негизинде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Бай Сервис Девелопмент" ЖЧКсына карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексине ылайык 235 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Росатомдун” колдоосу менен инклюзивдүү чебер-класстар өткөрүлдү

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Росатомдун” колдоосу менен инклюзивдүү чебер-класстар өткөрүлдү

Иш-чара “Рухтун жел кайыктары” долбоорунун 10-жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлдү. Долбоордун командасы көчмөн маданиятынын салттарын жана кыргыз меймандостугун заманбап инклюзивдүү практика менен айкалыштырган уникалдуу боз үй тартуулады. 24-августтан 5-сентябга чейин Ысык-Көлдө “Рухтун жел кайыктары 2026: Экстрабилити кыймылы. Улантууну тандайбыз” аттуу эл аралык инклюзивдүү лагерь өттү. Аны

Ошто кышка көмүр даярдыгы башталды: баа көзөмөлгө алынат

Ошто кышка көмүр даярдыгы башталды: баа көзөмөлгө алынат

Бүгүн Ош шаарында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде шаар тургундарын көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселеси талкууланды. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толдоев катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте өткөрүлгөн жыйынга көмүр өндүрүүчү ишканалардын

Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелердин иштөө режими өзгөрөт

Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелердин иштөө режими өзгөрөт

Бишкекте жеке автоунааларга коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелер менен график боюнча жана дем алыш күндөрү жүрүүгө уруксат берилет. Тиешелүү чечим мэрдин орун басары Рамиз Алиев төрагалык кылган Жолдор боюнча штабдын жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Жаңы тартипке ылайык, иш күндөрү саат 08:00дөн 20:00гө

Кыргызстанда калктын финансылык сабаттуулугу 4 пайызга өстү

Кыргызстанда калктын финансылык сабаттуулугу 4 пайызга өстү

Улуттук банк өлкөнүн эресеге жеткен калкынын финансылык сабаттуулугу боюнча үчүнчү улуттук изилдөөнү аяктады. Жыйынтык мекеменин сайтына жарыяланды. 2025-жылдагы изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, калктын финансылык сабаттуулугунун жалпы көрсөткүчү 2021-жылга салыштырмалуу 4 пайызга өсүп, 20 баллдан 11,8 баллды түздү. Улуттук банк белгилегендей, бул көрсөткүч 2023-жылы Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү