«Кепилдик фонду" туризм тармагына 1.2 млрд сомдон ашык насыя алууга колдоо көрсөттү

«Кепилдик фонду" туризм тармагына 1.2 млрд сомдон ашык насыя алууга колдоо көрсөттү

«Кепилдик фонду» ААК туризм тармагына 1.2 млрд сомдон ашык кредит алууга колдоо көрсөттү. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, туризм "Кепилдик фондунун" ишмердигинин маанилүү багыттарынын бири бойдон калууда жана бул тармакта иштеген ишкерлер артыкчылык катары кепилдик колдоону пайдаланышат.

«Кепилдик фонду» ААК өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери жыл сайын дүйнөнүн дээрлик бардык булуң-бурчунан келген туристтерди кабыл алган ишкерлерге олуттуу суммадагы кредиттерди алуу үчүн кепилдиктерди берип келет.

Алсак, 2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ар кандай жылдардагы кепилдик колдоонун аркасында ишкерлер өз бизнесин өнүктүрүү үчүн 3 млн сомдон 325 млн сомго чейин насыя алышкан, 0.9 млн сомдон 88.7 млн сомго чейин кепилдиктер берилген.

Айтмакчы, «Кепилдик фонд» ААКтын ишмердүүлүгүндөгү эң биринчи кепилдик туризм тармагындагы бизнести өнүктүрүү үчүн атайын 0.9 млрд сом өлчөмүндө берилген, бул 3 млн сом өлчөмүндө кредит алууну камсыз кылган.

Жалпысынан «Кепилдик фонд» ААК өзүнүн ишинин бүткүл мезгилинде 303.5 млн сомдон ашык суммага кепилдиктер боюнча 1.2 млрд сомдон ашык суммада кредиттерди берген.

Ал эми үстүбүздөгү жылы «Кепилдик фонду» ААК туризм тармагында иштеген ишкерлерге 155.3 млн сомдон ашык кредиттик каражаттар менен финансылык ресурстарга жетүүнү камсыз кылып, 30 млн сомго жакын суммага кепилдик берди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу