Жумуш орундарын түзгөн ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн 17.25%дан 4%га чейин төмөндөтүү сунушталды

Жумуш орундарын түзгөн ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн 17.25%дан 4%га чейин төмөндөтүү сунушталды

Жогорку Кенештин “Альянс” парламенттик фракциясынын жыйыны өтүп, анда Социалдык фонддун өкүлдөрү менен бирге мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандырууну өнүктүрүүгө, ишкер субъекттерин колдоого багытталган маселелер талкууланды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө жумуш орундарын түзгөн ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн 17.25%дан 4%га чейин төмөндөтүү сунушталды. Себеби камсыздандыруу төгүмдөрүнүн пайызы жогору болгондуктан жумуш берүүчүлөр аны төлөөдөн качып, эмгек акынын бир бөлүгүн жашырып келүүдө.

Ошондой эле кызматкерлер төлөгөн 10% өлчөмүндөгү камсыздандыруу төгүмдөрүн Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна толугу менен бөлүштүрүү сунушталды.  Бул учурда ар бир жумушчу үчүн топтолгон каражат ачык көрүнүп, турак-жайы жоктор ал топтолгон акчаны ипотекалык  батирлерди сатып алууда баштапкы төлөмгө колдоно алышат. Бул кызматкерлердин жумуш берүүчүлөрдөн расмий түрдө ачык-айкын айлык берүүнү талап кылууга шыктандырат.

Мындан сырткары, Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна топтолгон каражаттар ал жаран каза болгон учурда мураскорлору тарабынан иштетилүүсүнө шарт түзүлөт.

“Альянс” фракциясынын депутаттары бул чаралар ишкерлерди экономиканын көмүскө секторунан чыгарууга, «конверттердеги» жашыруун эмгек акыларды кыскартууга мүмкүндүк берген майнаптуу чара болуп саналарын билдиришип, тиешелүү чечимди бир добуштан колдошту. Бул багыттагы сунуш Министрлер кабинетине жолдонду.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”