Кумтөр унааларынын дөңгөлөктөрүнө кеткен чыгымдарды 30–40%га кыскартат – буга кайра иштетүү заводу жардам берет

Кумтөр унааларынын дөңгөлөктөрүнө кеткен чыгымдарды 30–40%га кыскартат – буга кайра иштетүү заводу жардам берет

Кумтөр унааларынын дөңгөлөктөрүнө кеткен чыгымдарды 30–40%га кыскартат. Буга Токмок шаарындагы дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү жана калыбына келтирүү заводу жардам берет.

Ишкананын маалымат кызматы белгилегендей, учурда тесттик режимде иштеп жаткан дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү жана калыбына келтирүү заводу ушул жылдын августунда ишке киргизилген.

Ишкананын башчысы Александр Сметаниндин айтымында, өндүрүш толук кубаттуулукта ишке киргенден кийин 180ге чейин жаңы жумуш орундары түзүлөт.

«Материалдарды кайра иштетүүнүн инновациялык ыкмалары колдонулуп жаткан бул ишкананын ишмердүүлүгү жарактан чыккан дөңгөлөктөрдүн экологияга тийгизген зыянын минималдаштырууга багытталган. Жакынкы арада биз кошумча жабдуулардын келишин күтүп жатабыз. Аларды толук орноштуруп бүткөн соң, дөңгөлөктөрдү кайра калыбына келтирүү боюнча цехти ишке беребиз», – деди Александр Сметанин.

Белгилей кетсек, завод толук кандуу ишке киргенден кийин саатына 2 тоннага чейин дөңгөлөктү кайра иштетүүгө мүмкүн болот. Өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 2 миңге чейин чоң, 8 миңге чейин орто жана жеңил көлөмдөгү атайын техникалардын (ири жүк ташуучу, авиация, айыл-чарба ж.б.) дөңгөлөктөрүн кайра иштетүүгө ылайыкталган. Муну менен «Кумтөр Голд Компанидеги» дөңгөлөктөрдү алмаштырууга кеткен чыгымдарды 30–40%га кыскартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу