Кумтөр унааларынын дөңгөлөктөрүнө кеткен чыгымдарды 30–40%га кыскартат – буга кайра иштетүү заводу жардам берет

Кумтөр унааларынын дөңгөлөктөрүнө кеткен чыгымдарды 30–40%га кыскартат – буга кайра иштетүү заводу жардам берет

Кумтөр унааларынын дөңгөлөктөрүнө кеткен чыгымдарды 30–40%га кыскартат. Буга Токмок шаарындагы дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү жана калыбына келтирүү заводу жардам берет.

Ишкананын маалымат кызматы белгилегендей, учурда тесттик режимде иштеп жаткан дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү жана калыбына келтирүү заводу ушул жылдын августунда ишке киргизилген.

Ишкананын башчысы Александр Сметаниндин айтымында, өндүрүш толук кубаттуулукта ишке киргенден кийин 180ге чейин жаңы жумуш орундары түзүлөт.

«Материалдарды кайра иштетүүнүн инновациялык ыкмалары колдонулуп жаткан бул ишкананын ишмердүүлүгү жарактан чыккан дөңгөлөктөрдүн экологияга тийгизген зыянын минималдаштырууга багытталган. Жакынкы арада биз кошумча жабдуулардын келишин күтүп жатабыз. Аларды толук орноштуруп бүткөн соң, дөңгөлөктөрдү кайра калыбына келтирүү боюнча цехти ишке беребиз», – деди Александр Сметанин.

Белгилей кетсек, завод толук кандуу ишке киргенден кийин саатына 2 тоннага чейин дөңгөлөктү кайра иштетүүгө мүмкүн болот. Өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 2 миңге чейин чоң, 8 миңге чейин орто жана жеңил көлөмдөгү атайын техникалардын (ири жүк ташуучу, авиация, айыл-чарба ж.б.) дөңгөлөктөрүн кайра иштетүүгө ылайыкталган. Муну менен «Кумтөр Голд Компанидеги» дөңгөлөктөрдү алмаштырууга кеткен чыгымдарды 30–40%га кыскартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

4 облуста таштанды төгүүчү жайлар дрондун жардамы менен көзөмөлдөнөт

4 облуста таштанды төгүүчү жайлар дрондун жардамы менен көзөмөлдөнөт

Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын Экологиялык прокуратурасы менен биргеликте Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарында таштанды төгүүчү жайлардын абалына көзөмөлдү күчөтүү пландалууда. Министрликтин маалыматына караганда, бүгүн тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү катышкан видеоконференция форматындагы жолугушуу орун алды. Анда катуу тиричилик калдыктарынын стихиялуу түрдө төгүлүшү, алардын үзгүлтүксүз тутанышы жана түтөп күйүшү,

Ишкер Media
Бишкекте жаңы заманбап аялдамалар орнотулууда

Бишкекте жаңы заманбап аялдамалар орнотулууда

Борбор калаада коомдук транспорттун инфраструктурасын өнүктүрүү уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты. Билдирүүгө караганда, "Санариптик технологиялар борбору" ишканасы "Акылдуу аялдама" долбоорунун алкагында шаардагы аялдамаларга 15 интерактивдүү маалыматтык панель орнотту. Орнотуу иштери уланууда. Мындан тышкары, AUGUL компаниясы менен биргеликте Айни көчөсү – Чыңгыз Айтматов кең көчөсү аялдамасына автобус

Ишкер Media
Бишкекте балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча жыйын өттү

Бишкекте балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча жыйын өттү

КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызынын жетекчилиги астында балдардын укуктарынын сакталышы боюнча маселелерди кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу министрликтен билдирди. Жыйынга Чүй облусунун прокуратурасынын, Агартуу министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Министрлер Кабинетинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media
Өлкөдө жаңы үлгүдөгү 20 жана 50 сомдук банкноттор жүгүртүүгө чыгарылды

Өлкөдө жаңы үлгүдөгү 20 жана 50 сомдук банкноттор жүгүртүүгө чыгарылды

Бүгүндөн тартып Кыргызстанда 2026-жылдын үлгүсүндөгү 20 жана 50 сом номиналындагы жаңы банкноттор жүгүртүүгө киргизилди. Бул тууралуу Улуттук банктын өкулдөрү басма сөз жыйынында билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы банкноттор "Борбор-Азия Корголгон Басма Басмаканасы" ЖЧКсы тарабынан даярдалган. Банкноттордун дизайнында олуттуу өзгөрүү жок. Алардын алдыңкы бетинде тарыхый инсандардын портреттери, арткы

Ишкер Media