Кыргызстандык бал өндүрүүчүлөр каттоодон өтүүгө милдеттүү

Кыргызстандык бал өндүрүүчүлөр каттоодон өтүүгө милдеттүү

Бал өндүрүү боюнча иш жүргүзгөн жаран бал продукциясын андан ары сатуу жана экспорттоо үчүн мамлекеттик каттоодон өтүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги эскертти.

Өлкөдө бал челектерди идентификациялоо жана аары чарбаларына асыл тукум статусун берүү боюнча иш-чаралар активдүү жүргүзүлүп, ЖИКС (жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасы) маалыматтык тутумуна каттоого киргизилүүдө.

Маселе жана суроо болсо Ветеринардык кызматтын жооптуу инспекторуна 0312 62-04-25 байланышыңыз.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Аралды сактап калуу боюнча демилге көтөрдү

Садыр Жапаров Аралды сактап калуу боюнча демилге көтөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен Астана шаарында өткөн Аралды сактап калуу эл аралык фондун (АСЭФ) негиздөөчү мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүнөн билдиришти. Иш-чарага Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон дагы

ЖАМКнын №16 мекемесинде ун чыгаруучу тегирмен ишке кирди

ЖАМКнын №16 мекемесинде ун чыгаруучу тегирмен ишке кирди

Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №16 мекемесинде жаңы өндүрүштүк ун чыгаруучу тегирмен расмий түрдө ишке киргизилди. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ачылыш аземине ЖАМК төрагасынын орун басары Улан Жолдубаев, GCERF уюмунун өкүлү Ирина Ульмасова-Олив, «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фондунун президенти Тажыкан Шабданова, Коопсуздук

Кыргызстан менен Кытай автотранспорт тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Кытай автотранспорт тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде министрдин орун басары Алмаз Тургунбаев Кытай Эл Республикасынын транспорт министринин орун басары Ли Ян жана автотранспорт делегациясынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө автотранспорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Атап айтканда, тараптар Кыргызстандын Кытай, Россия

Бишкекте абадагы интернет-кабелдерди демонтаждоо башталды

Бишкекте абадагы интернет-кабелдерди демонтаждоо башталды

Бишкекте Биринчи май райондук акимиатынын кызматкерлери "Бишкексвет" муниципалдык ишканасы менен биргеликте талаптарга жооп бербеген интернет-кабелдерди аныктоо боюнча рейд өткөрүшкөнүн бүгүн райондук администрация билдирди. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө салбырап турган линияларга, жолдун жана тротуарлардын үстүнөн өткөн кабелдерге, ошондой эле шаардын көркүн бузган тармактарга өзгөчө көңүл бурулду. Эрежелерди бузуу менен орнотулган жана