Бишкек шаарында “Бала ырысы” жөлөк пулуна документтерди кабыл алуу башталды
1-июлдан тартып Бишкек шаарынын төрт райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында ай сайын төлөнүүчү мамлекеттик “Бала ырысы” жөлөк пулун дайындоо үчүн документтерди кабыл алуу башталды.
Шаар мэриясынын маалыматына караганда, калаанын социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын адистери жарандардын документтерин кабыл алып жатышат. Ошондой эле жөлөк пулду дайындоо боюнча консультация берилип, аны тариздөө тартибин, талап кылынуучу документтердин тизмесин жана арыз берүүнүн жолдорун түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
Арызды мамлекеттик кызматтардын «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу же жашаган жери боюнча райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына жеке кайрылуу менен берүүгө болот.
Эске салсак, ай сайын төлөнүүчү мамлекеттик «Бала ырысы» жөлөк пулу үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө кирешесинин деңгээлине карабастан дайындалат. Жөлөк пулдун өлчөмү ар бир балага ай сайын 1 200 сомду түзөт.

