Совет айылынын 2 миңдей тургуну коопсуз ичүүчү суу менен камсыз болот

Совет айылынын 2 миңдей тургуну коопсуз ичүүчү суу менен камсыз болот

Баткен облусунда "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын орто мөөнөттүү баалоо миссиясы өз ишин баштады. Миссияны суу менен камсыздоо жана санитария боюнча улук адис Одет Мушимпуа жетектөөдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдиргендей, иш сапардын алкагында делегация Кадамжай районундагы жана башка калктуу конуштардагы ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Алгач Молдо Нияз айыл аймагындагы Совет айылында ишке ашырылып жаткан долбоор каралды.

Маалыматка ылайык, демилгени Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин Долбоорлорду ишке ашыруу тобу Дүйнөлүк банктын колдоосу менен жүзөгө ашырууда.

Долбоор аяктагандан кийин Совет айылынын 2 миңге жакын тургуну сапаттуу жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз болот.

Ошондой эле делегация Чоң-Талаа жана Ак-Турпак айылдарындагы объекттерге барып, бул аймактар боюнча долбоордук-сметалык документтерди даярдоо иштери аяктоо алдында турганын белгиледи. Жакынкы аралыкта аталган айылдарда курулуш иштерин баштоо мерчемделген.

Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору Зарылбек Каратаев мындай долбоорлор айыл тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга жана калкты коопсуз ичүүчү суу менен туруктуу камсыздоого багытталганын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузак районунун Октябрь айылындагы сел каналынын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу 19-октябрда Курулуш министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, курулуш объектисинде долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү документтердин толук топтому жоктугу жана курулуштун талаптары сакталбагандыгы аныкталды. Мындан улам "Мелио Строй" ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул

Ишкер Media
Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Мектепте башталгыч класстын окуучуларынын тамактануусуна бөлүнгөн 14 сом кийинки жылдан тарта 40 сомго чейин көтөрүлүшү сунушталды. Агартуу министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоорго ылайык, бир окуучунун тамактануусуна жылдык чыгым 3144 сомдон 7824 сомго көбөйөт. Бул үчүн бюджеттен кошумча 2 млрд 965 млн 907 миң 100 сом талап

Ишкер Media
Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ош шаарында курулуп жаткан 930 орундуу студенттик жатакананын курулуш аянтчасында топурактын сапатын текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен 19-октябрда маалымдады. Билдирүүгө ылайык, курулуш аянтчасындагы топурактын тыгыздыгы текшерилип, лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөр алынды. Ал сыноолордун жыйынтыгында топурактын физикалык-механикалык мүнөздөмөлөрү аныкталып, анын тыгыздалышынын сапаты ченемдик документтердин талаптарына ылайык бааланат.

Ишкер Media
Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Бүгүн Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселеси каралды. Комитеттин жыйынында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков кышка даярдык боюнча өзүнө тиешелүү тармактын маалыматын берди. Анын жүрүшүндө депутат Сеидбек Атамбаев электр энергиясын керектөөгө киргизилген чектөөлөр, анын

Ишкер Media