Аламүдүн районунда 57,6 млн сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Аламүдүн районунда 57,6 млн сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды

КРнын Эсептөө палатасы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2024-жылдагы бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын ишине шайкештик аудит жүргүздү.

Анын жыйынтыгында жалпы 57 млн 588,4 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Анын ичинен 29 млн 495,2 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш, ал эми аудиттин жүрүшүндө 339 миң сом кайтарылып берилген.

Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, негизги мыйзам бузуулар төмөнкүлөргө байланыштуу болгон:

-        бюджеттик мыйзамдардын талаптарын сактабаган учурлар;
-        бюджетке түшүүгө тийиш болгон төлөмдөрдү өз убагында өндүрбөө;
-        кызматкерлерге эмгек акы жана башка 5,3 млн сомдон ашык негизсиз чыгымдар;
-        товардык-материалдык баалуулуктар боюнча 8,2 млн сомдон ашык ашык чыгымдар;
-        мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү эсепке алуудагы мыйзам бузуулар;
-        ижара келишимдеринин талаптарын сактабоо жана ижара акысын төмөндөтүү;
-        дебитордук карыздарды эсепке алуудагы кемчиликтер.

Ошондой эле аудиттин жүрүшүндө 8,8 млн сомдук мамлекеттик жана муниципалдык мүлк белгиленген тартипте эсепке алынбаганы аныкталган. Мындан тышкары, 781,6 миң сомдук мүлк жана акча каражаттарынын жетишсиздиги, ошондой эле документтерсиз мүлктү эсептен чыгаруу фактылары катталган.

Жыйынтыгында, Эсептөө палатасынын отчёту КРнын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жана Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлдү.

Мындан тышкары, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча райондук мамлекеттик администрацияга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жазма буйруктар берилди. Эсептөө палатасы аудиттин жыйынтыктарын райондук коллегиянын жыйынында карап чыгып, мыйзам бузууларды жоюу жана алардын кайталанышына жол бербөө боюнча чараларды өзгөчө көзөмөлгө алууну сунуштады.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 50 үй-бүлөгө көмүр таратылды

Таласта 50 үй-бүлөгө көмүр таратылды

Талас шаарында аз камсыз болгон жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген мүчөлөрү бар 50 үй-бүлөгө 15 тонна көмүр таратылды. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, социалдык жардам көрсөтүү үчүн шаардык бюджеттен 100 миң сом бөлүнүп, ар бир үй-бүлөгө 6 каптан көмүр берилди. Жардам алуучулардын тизмеси тиешелүү башкармалыктын

Ишкер Media
3 кыргыз студенти Финансылык коопсуздук боюнча олимпиадада байгеге ээ болушту

3 кыргыз студенти Финансылык коопсуздук боюнча олимпиадада байгеге ээ болушту

Кыргызстандык студенттер Красноярск шаарында өткөн Финансылык коопсуздук боюнча VI Эл аралык олимпиадада байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Илим министрлигинен кабарлады. Маалым болгондой, олимпиаданын финалдык этабына 45 өлкөдөн 700гө жакын катышуучу катышты. Жыйынтыгында 35 өлкөдөн келген 219 катышуучу жеңүүчү жана байге ээси аталды. Алардын 193ү студенттер болду. Финалдын жыйынтыгы боюнча

Ишкер Media
Тогуз-Тородо 3 миң гектардан ашык жерди сугаруу үчүн 2 канал куруу пландалууда

Тогуз-Тородо 3 миң гектардан ашык жерди сугаруу үчүн 2 канал куруу пландалууда

Тогуз-Торо районунда жалпы 3 миң 256 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылууга багытталган эки каналдын курулушу пландалууда. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаровдун 26-октябрдагы иш сапары учурунда маалымдалды. Билдирүүгө караганда, анын бири - 800 гектар жерди сугарууга мүмкүндүк бере турган "Кара-Талаа" каналы. Долбоордун алдын ала

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

29-октябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин "Мурас Ордо" конушунда ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди. Маалымдалгандай, сууну өчүрүүгө "Мурас Ордо" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда жүргүзүлө турган профилактикалык оңдоо иштери себеп болууда. Тизмеге турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо

Ишкер Media