Өкмөт Германиянын Орто бизнестин федералдык союзунун делегациясы менен жолукту

Өкмөт Германиянын Орто бизнестин федералдык союзунун делегациясы менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Федералдык союздун федералдык башкармалыгынын мүчөсү Ян Андреас жетектеген Германиянын Орто бизнестин федералдык союзунун делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө кыргыз-герман мамилелерин тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

Минкаб төрагасынын биринчи орун басары Германия КРнын артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, эки мамлекеттин башчыларынын өз ара иш сапарларын жана жетишилген макулдашуулардын натыйжаларын, анын ичинде Германиянын ири компанияларынын бири Knauf компаниясынын өлкөгө келишин белгиледи.

Ал кошумчалагандай, 2022-жылы эки тараптуу мамилелердин тарыхында биринчи жолу кыргыз-герман ишкерлер кеңеши түзүлгөн.

Адылбек Касымалиев герман бизнесинин Кыргызстанда ийгиликтүү иш алып баруусунун мисалдарын белгилеп, министрлер кабинети бардык чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр экенин билдирди.

Бул багытта МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, Кыргызстандын гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана “жашыл” экономика тармагында потенциалы жогору экенин кошумчалады.

Өз кезегинде Федералдык союздун федералдык башкармалыгынын мүчөсү Ян Андреас кызматташууну тереңдетүүгө, анын ичинде жаңы практикалык сунуштарды ишке ашыруунун алкагында иш жүргүзүүгө даярдыгын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”