Жетекчи өзү үчүн гана эмес, бардык команда үчүн жоопкерчиликтүү — эксперт

Жетекчи өзү үчүн гана эмес, бардык команда үчүн жоопкерчиликтүү — эксперт

Жетекчи өзү үчүн гана эмес, бардык команда үчүн жоопкерчиликтүү экенин билиши керек. Жетекчи өзүн кандай алып жүрсө, компаниядагы жагдай, маданият да ошондой болуп чагылат. Мындай пикирин Нейро-лингивистикалык программалоо жана түрдүү психометриялык инструменттер боюнча квалификациялуу адис, эл аралык компанияларда иштеп, кызматкерлерди өнүктүрүү боюнча он жылдык тажрыйбага ээ, коуч Каныкей Оморова ИШКЕР MEDIA менен курган маегинде айтты.

— Компаниялардын жетекчилери жумушчулары менен иштеп жатканда кандай каталарды көп кетиришет?

— Ар бир жетекчи лидерлик сапатты өнүктүрүү боюнча базалык программадан өтүш керек. Бул адатта өзүн өзү таануудан башталат, ал кандай инсан, күчтүү жактары кандай, эмнелер аны триггер кылат, эмне стресс, эмне мотивация берет, кандай коркуулары бар жана ал башкаруу стилине кандай таасир этиши мүмкүн экендигин түшүнүшү зарыл.

Экинчиден, лидерлик базалык сапаттарды калыптандыруу боюнча программадан өтүүсү маанилүү. Ошол эле ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү, кыматкерлерге жумушун аткарарына ишене билүү, алардын ката кетирүүсүнө уруксат берүүнү үйрөнүшү зарыл, анткени алар ката кетиргенде окуп, үйрөнүшөт.

Үчүнчүдөн, конструктивдүү пикир алмашканды, кызматкерди жумуштан кетиргенди, оор сүйлөшүүлөрдү өткөргөндү, мисалы, кызматкер жумушунан сөгүнүп, көзүнө жаш алып эмес, башын бийик көтөрүп кете тургандай сүйлөшө билүүнү үйрөнүш керек. Бул жетекчилер үчүн базалык, пайдубалдык билим болуп саналат.

Ошондой эле ар бир жетекчи стратегияны жана башкы максаттарды аныктай билиши зарыл. Мисалы, мен иштеген бардык эл аралык компанияларда биз жетишибиз керек болгон эң башкы 3-5 максаттар болот эле. Жетекчи ар бир жылга негизги максатты коюп, лидер катары ал жылы кандай стратегия колдонулат, кандай миссиясы бар айтыш керек. Ошондон кийин гана башка кызматкерлер бул максатка менин салымым кандай болот деп ойлонуп, милдеттерин түшүнүшөт. Эң төмөнкү кызматтан тартып, эң жогоркуга чейин ийгилик үчүн өзүнүн салымын кошушат.

Жетекчилер коллегаларынан лидердик стили боюнча кайтарымдуу пикирлерди уга билүүсү зарыл. Эмне үчүн? Анткени жетекчи эч нерсени укпаса, көрбөсө ал өспөйт. Жетекчи ар бир кызматкер менен жарым жылда бир же квартал сайын жеке сүйлөшүп туруусу маанилүү. Өзү тууралуу алган маалыматтар жетекчи катары андан ары өсүп-өнүгүүгө жардам берет. Биз эч качан идеалдуу боло албайбыз, дайыма өзгөрүп, мыкты болууга убактыбыз жана мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Андыктан жетекчи катары ар бир кызматчыга индивидуалдуу мамиле кура билгенди билүү зарыл. Ар бир кызматкер ар түрдүү, бирөө жай иштейт, кээ бири бат иштейт, бирөөсү амбициялуу, экинчисине ошол деле жетет. Ошондуктан жетекчи катары алардын күчтүү жактарын көрүп, позицияларды бөлүштүрө билүү да маанилүү.

Эгерде жумушта кандайдыр бир конфликт болсо, кызматкерлердин өзүнө эле коюп койбой, узатпай, точка коюш керек. Мен көп көрүп жүрөм, жетекчилер мындай кырдаалда кандай аракет кылышын билбей, көрмөксөн, укмаксан болуп коюшат. Чындыгында жогоруда айткандай, жетекчи өзү үчүн эле эмес, команда үчүн да жоопкерчиликтүү. Кызматкерлер анын балдары сыяктуу, ал өзүн кандай алып жүрөт, баары таасир этет. Жетекчи дайыма өзүн өстүрүп, Кыргызстандан сырткары кандайдыр бир конференцияларга катышып, өсүп туруш керек. Дүйнөдө кандай нерселер тренд болуп жатат, байкап туруусу зарыл.
Биз эч качан идеалдуу боло албайбыз, бирок дайыма мыкты болууга мүмкүнчүлүгүбүз бар — эл аралык деңгээлдеги коуч Каныкей Оморова
Нейро-лингивистикалык программалоо жана MBTI, DISC, SDI сыяктуу түрдүү психометриялык инструменттер боюнча квалификациялуу адис, КМШ, Жакынкы Чыгыш жана Азия-Тынч океан өлкөлөрүндө эл аралык компанияларда иштеп, кызматкерлерди өнүктүрүү боюнча он жылдык тажрыйбага ээ Каныкей Оморованы маекке тарттык…

Мындан тышкары окуңуз

Ош менен Франциянын кызматташтыгы талкууланды

Ош менен Франциянын кызматташтыгы талкууланды

Кечээ Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдирди. Анда Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү жана эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. Маалыматка ылайык, тараптар маданият, илим, инвестиция жана туризм тармактарында байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Ишкер Media
Бишкекте жылуулук менен камсыздоо иши 5 күнгө чейин созулат

Бишкекте жылуулук менен камсыздоо иши 5 күнгө чейин созулат

Бишкек шаарында 28-октябрдан тарта жылытуу сезону башталат. Учурда муниципалдык "Бишкек ЖЭБ" жана "Бишкекжылуулуктармагы" ишканалары жылуулук берүүгө даяр. "Бишкек ЖЭБ" мекемеси билдиргендей, имараттар жылуулук берүү тутумуна этап-этабы менен кошула баштайт. Биринчи кезекте жылуулук мектептерге, бала бакчаларга жана саламаттык сактоо мекемелерине берилип, андан кийин

Ишкер Media
Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Тиешелүү долбоор Кожомкул айыл өкмөтү тарабынан коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максаты — жер ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, калктуу конуштун аймагын пландаштырууну тартипке келтирүү, калк үчүн жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүү жана

Ишкер Media
Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда алма импортуна 2027-жылдын 1-февралына чейин тыюу салынды. Тиешелүү токтомго КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө мөмө берүүчү алма бактарынын жалпы аянты 26 324 гектарды түзөт. Ал эми 2026-жылы алманын түшүмү 179 393 тоннага жетери болжолдонууда. Расмий маалыматтарга ылайык,

Ишкер Media