Кыргызстандык 15 компания АКШда өткөн Silicon Slopes Summit саммитине катышышты

Кыргызстандык 15 компания АКШда өткөн Silicon Slopes Summit саммитине катышышты

Кыргызстандагы маалыматтык технологиялар тармагында иш алып барган 15 компаниянын өкүлдөрү АКШнын Солт Лейк Сити шаарында өткөн ири Silicon Slopes Summit аттуу самитке катышышты. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Аталган Саммитке КРнан келишкен «Жогорку технологиялар паркы», Med Devs, Epam Systems, York, Pricer Bishkek, Fourtale, Microtet, Mitapp, Bir Express, «Логистикалык кызматтарды өнүктүрүү боюнча Кыргыз-Америкалык ассоциациясы», Neoplace, Supreme Group жана башка  компаниялардын өкүлдөрү катышышты.

Аталган иш чарага кыргызстандык компаниялардын катышуусу КРнын АКШда жана Канададагы эличилиги жана Юта штатынын бийлиги (Губернаторунун кеңсеси) менен биргеликте уюштурулду. IT тармагында иштеген компаниялардын мындай дүйнөлүк саммити 27-28-сентябрь күндөрү АКШнын Юта штатында өткөрүлүп, ага дүйнө жүзүнөн маалыматтык технологиялар жаатында иш алып барышкан алдыңкы компаниялар катышышты. Ошондой эле аталган саммитке Тони Роббинс (ишкер жана филантроп), Гари Вайнерчук (Vaynermediaнын башкы директору), Жимми Питаро (ESPN төрагасы), Рид Хастингс (Netflixтин негиздөөчүсү жана аткаруучу төрагасы), Джим Лазон (Yahooнун башкы директору) жана ири компаниялардын башка көптөгөн атактуу жетекчилери катышышып, сөз сүйлөштү.

Маалымат үчүн: VIP-нетворкинг сессиясы катышуучулар арасында байланыштарды күчөтүүгө жана алмашууга багытталган өзгөчө иш чара. Бул иш чаранын башталышында анын уюштуруучулары Кыргыз Республикасы тууралуу чет өлкөлүк компания өкүлдөрүнө өзгөчө маалымат беришип, андан соң Кыргызстандан барышкан ар бир компания өкүлдөрүн алдыга чыгып компаниясынын ишмердүүлүгүн тааныштырууга мүмкүнчүлүк берилди. Натыйжада, Кыргызстандык компаниялар менен америкалык компаниялардын жекеме жеке таанышып, сүйлөшүп келечекте биргелешип иш алып баруу максатында макулдашуусуна толук шарттар түзүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Ош менен Франциянын кызматташтыгы талкууланды

Ош менен Франциянын кызматташтыгы талкууланды

Кечээ Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдирди. Анда Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү жана эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. Маалыматка ылайык, тараптар маданият, илим, инвестиция жана туризм тармактарында байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Ишкер Media
Бишкекте жылуулук менен камсыздоо иши 5 күнгө чейин созулат

Бишкекте жылуулук менен камсыздоо иши 5 күнгө чейин созулат

Бишкек шаарында 28-октябрдан тарта жылытуу сезону башталат. Учурда муниципалдык "Бишкек ЖЭБ" жана "Бишкекжылуулуктармагы" ишканалары жылуулук берүүгө даяр. "Бишкек ЖЭБ" мекемеси билдиргендей, имараттар жылуулук берүү тутумуна этап-этабы менен кошула баштайт. Биринчи кезекте жылуулук мектептерге, бала бакчаларга жана саламаттык сактоо мекемелерине берилип, андан кийин

Ишкер Media
Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Тиешелүү долбоор Кожомкул айыл өкмөтү тарабынан коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максаты — жер ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, калктуу конуштун аймагын пландаштырууну тартипке келтирүү, калк үчүн жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүү жана

Ишкер Media
Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда алма импортуна 2027-жылдын 1-февралына чейин тыюу салынды. Тиешелүү токтомго КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө мөмө берүүчү алма бактарынын жалпы аянты 26 324 гектарды түзөт. Ал эми 2026-жылы алманын түшүмү 179 393 тоннага жетери болжолдонууда. Расмий маалыматтарга ылайык,

Ишкер Media