Тандыр нандын баасы 116 сомдон ашпайт – өлкөдө дүң жана чекене баалары белгиленди
Кыргызстанда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) дүң жана чекене баалардын максималдуу деңгээли төмөнкүдөй баада белгиленди. Бул тууралуу маалымат жыйынында кызматтын төрагасынын орун басары Жээналы Орозбаев билдирди.
Такталгандай, 1 кг үчүн белгиленген баа төмөндөгүдөй:
Бишкек:
1-сорттогу ундан жасалган буудай наны (бөлкө нан) – 52.2 сом (дүң), 62.5 сом (чекене);
Тандыр нан – 89 сом (дүң), 100 сом (чекене);
Чүй облусу:
1-сорттогу ундан жасалган буудай наны (бөлкө нан) – 56.5 сом (дүң), 65 сом (чекене);
Тандыр нан – 92 сом (дүң), 101 сом (чекене);
Ош шаары:
1-сорттогу ундан жасалган буудай наны (бөлкө нан) – 56.5 сом (дүң), 65 сом (чекене);
Тандыр нан – 89 сом (дүң), 100 сом (чекене);
Талас облусу:
1-сорттогу ундан жасалган буудай наны (бөлкө нан) – 56.5 сом (дүң), 65 сом (чекене);
Тандыр нан – 89 сом (дүң), 100 сом (чекене);
Нарын облусу:
1-сорттогу ундан жасалган буудай наны (бөлкө нан) – 56.5 сом (дүң), 65 сом (чекене);
Тандыр нан – 92 сом (дүң), 101 сом (чекене);
Исык-Көл облусу:
1-сорттогу ундан жасалган буудай наны (бөлкө нан) – 56.5 сом (дүң), 65 сом (чекене);
Тандыр нан – 99 сом (дүң), 116 сом (чекене);
Ош облусу:
1-сорттогу ундан жасалган буудай наны (бөлкө нан) – 56.5 сом (дүң), 65 сом (чекене);
Тандыр нан – 89 сом (дүң), 100 сом (чекене);
Жалал-Абад облусу:
1-сорттогу ундан жасалган буудай наны (бөлкө нан) – 56.5 сом (дүң), 65 сом (чекене);
Тандыр нан – 92 сом (дүң), 101 сом (чекене);
Баткен облусу:
1-сорттогу ундан жасалган буудай наны (бөлкө нан) – 56.5 сом (дүң), 65 сом (чекене);
Тандыр нан – 99 сом (дүң), 116 сом (чекене).