Бишкекте жакында оңдолгон фасаддарды өзгөртүүгө тыюу салынат

Бишкекте жакында оңдолгон фасаддарды өзгөртүүгө тыюу салынат

Бишкек шаардык мэриясы борбордо жакында бюджеттик каражаттардын эсебинен оңдолгон имараттардын фасаддарын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салынганын билдирди.

Маалыматка караганда, буга тиешелүү калаа бийлигинин 2026-жылдын 13-октябрындагы № 353-т тескемеси бар.

Борбордо төмөнкү даректерде жайгашкан имараттардын фасаддары оңдолгон:

  • Чүй проспектиси боюнча Манас көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин;
  • Жибек Жолу проспектиси боюнча Манас көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин;
  • Айтматов проспектиси боюнча Жибек Жолу проспектисинен Семетей көчөсүнө чейин;
  • Абдрахманов көчөсү боюнча Жибек Жолу проспектисинен Семетей көчөсүнө чейин.
"Фасаддардын түсүн, архитектуралык жана көлөмдүк-мейкиндик чечимдерин өз алдынча өзгөртүүгө, анын ичинде сырдоосун жана каптамасын алмаштыруудан, кире бериш топторун орнотуудан, балкондорду айнектөөдөн жана кайра жабдуудан, кондиционерлерди, көрнөктөрдү, жарнамалык жана башка конструкцияларды жайгаштырууга болбойт", - деп жазылат маалыматта.

Бишкек шаарынын аймагындагы имараттардын жана курулмалардын фасаддарына өзгөртүүлөр Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы № 134 токтомуна ылайык, белгиленген тартипте гана жүргүзүлүүгө тийиш.

Мэрия КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 107 жана 434-беренелерине ылайык, тышкы жарнаманы белгиленген эрежелерди бузуу менен жайгаштыргандыгы, ыйгарым укуктуу органдын мыйзамдуу чечимин, көрсөтмөсүн, тескемесин же талабын аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик каралганын эскертти.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жылуулук менен камсыздоо иши 5 күнгө чейин созулат

Бишкекте жылуулук менен камсыздоо иши 5 күнгө чейин созулат

Бишкек шаарында 28-октябрдан тарта жылытуу сезону башталат. Учурда муниципалдык "Бишкек ЖЭБ" жана "Бишкекжылуулуктармагы" ишканалары жылуулук берүүгө даяр. "Бишкек ЖЭБ" мекемеси билдиргендей, имараттар жылуулук берүү тутумуна этап-этабы менен кошула баштайт. Биринчи кезекте жылуулук мектептерге, бала бакчаларга жана саламаттык сактоо мекемелерине берилип, андан кийин

Ишкер Media
Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Тиешелүү долбоор Кожомкул айыл өкмөтү тарабынан коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максаты — жер ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, калктуу конуштун аймагын пландаштырууну тартипке келтирүү, калк үчүн жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүү жана

Ишкер Media
Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда алма импортуна 2027-жылдын 1-февралына чейин тыюу салынды. Тиешелүү токтомго КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө мөмө берүүчү алма бактарынын жалпы аянты 26 324 гектарды түзөт. Ал эми 2026-жылы алманын түшүмү 179 393 тоннага жетери болжолдонууда. Расмий маалыматтарга ылайык,

Ишкер Media
Тогуз-Торо районунун бюджети 5 жылда эки эсеге өстү

Тогуз-Торо районунун бюджети 5 жылда эки эсеге өстү

Тогуз-Торо районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге жакын көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 26-октябрда район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 69 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 132 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-жылдын тогуз айында райондогу 6 капиталдык

Ишкер Media