Италиялык Breton S.p.A. Кыргызстанда курулуш материалдарын чыгарууга кызыкдар

Италиялык Breton S.p.A. Кыргызстанда курулуш материалдарын чыгарууга кызыкдар

Министрлер кабинетинде италиялык Breton S.p.A. компаниясы менен курулуш материалдарын чыгаруу боюнча биргелешкен ишкана түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Компания КРда алдыңкы технологияларды жана жабдууларды колдонуу менен курулуш материалдарын чыгаруучу биргелешкен ишкана түзүүнү көздөөдө. Тактап айтканда, ишкана цемент плиталарын, кварц негизиндеги плиталарды жана башкаларды чыгарат.

Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинети инвесторлорго колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгилеп, өлкөдө өндүрүш үчүн чийки зат базасы боло турган кендер бар экенин кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Алименттен качкан 1,2 миңден ашык адам издөөдө

Алименттен качкан 1,2 миңден ашык адам издөөдө

Кыргызстанда алимент төлөөдөн системалуу түрдө качкан 1 миң 200дөн ашык жаран издөөдө экенин Башкы прокуратура "Кабар" агенттигинин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, 1 миң 205 алимент төлөбөгөн адамга расмий түрдө издөө жарыяланып, алар боюнча аткаруу өндүрүштөрү убактылуу токтотулган. Өткөн жыл ичинде алимент төлөөдөн туруктуу баш

Быйыл Бишкекте 14 мектеп курулат

Быйыл Бишкекте 14 мектеп курулат

Саудия өнүктүрүү фондунун 50 млн доллар өлчөмүндөгү насыянын эсебинен 14 билим берүү имараты куруларын Курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, жаңы мектептер жана кошумча корпустар курула турган жерлер аныкталган. Бишкек шаарында курулуучу мектептер: Биримдик Кут турак жай массивинде — 750 орундуу мектеп; Алтын

Бишкекте 157 миң окуучуга окуу оруну жетишпейт

Бишкекте 157 миң окуучуга окуу оруну жетишпейт

Курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында мектептердеги орун жетишсиздиги боюнча жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыктарын билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаарында жалпысынан 120 мектеп бар. Алардын долбоордук кубаттуулугу 104 миң 117 орунду түзөт, ал эми окуучулардын жалпы саны 261 миң 107 бала. Ошондой эле ал борбор калаанын райондору

Айыл чарба министри  фермерлер менен салык маселесин талкуулады

Айыл чарба министри фермерлер менен салык маселесин талкуулады

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Эргешович Төрөбаев фермерлерди жеке кабыл алды. Жарандар кабыл алууга алдын ала катталып, бекитилген графикке ылайык келишкен. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууга министрдин орун басарлары, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген фермерлер жана Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү катышты. Кабыл алуу