Эмнеге жеңил өнөр жай тармагында "бум" болду? — себеби Кытайдагы энергетикалык кризис

Эмнеге жеңил өнөр жай тармагында "бум" болду? — себеби Кытайдагы энергетикалык кризис

Эмнеге жеңил өнөр жай тармагы Кыргызстанда акыркы 2-3 жылда каттуу өнүктү? Бул суроого 17 жылдан бери кийим тигүү өндүрүшү менен алектенген, "Легпром" ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөсү Зухра Кемелбекова ИШКЕР MEDIA менен маек куруп жатып, өз байкоосу менен бөлүштү.

Анын айтымында, Кыргызстанда 30 жыл бою бул тармак өтө баш-аламан өнүгүп келген. Мамлекет тарабынан деле чоң колдоо болбой, көңүл бурулган эмес. Андыктан швеялык цехтер деле эмгек шарттары, жумуш графиктери жок өз алдынча, ар ким бул бизнести түшүнгөнүнө жараша эле иштеп келишкен. 

"Ковид убагында кырдаал өзгөрдү, Кытай жабылып, көп бизнеске таасирин тийгизди. Кошумча Кытайда энергетикалык кризис башталды, анткени Кытайга көмүр Австралиядан келет эле, ал жакта санкция болуп, алар көмүр берүүнү токтотушканда көп кытайлык текстиль, швея фабрикалары толук күчтө иштей албай калышты.
Ушул кезде бул тармактагы эң чоң оюнчулар логистика жолго коюлган башка жолдорду карай башташты. Албетте, булар Кыргызстан менен Өзбекстан болду. Андыктан көп чоң оюнчулар биз тарапка көңүл буруп, жыйынтыгында, бизде азыр 2-3 жылдан бери бул тармакта "бум" болуп жатат. Чоң буюртмаларды бере башташты, ага жараша тигүүчүлөр, цехтер, адистердин жетишсиздиги башталды. Андан тышкары, жеңил өнөр жай тармагы өнүгүп баштаганын көрүп, мамлекет да көңүл бура баштады", - дейт ишкер.

Кытай кайрадан оюнга кирди

Ошондой эле Кемелбекова Кытай кайрадан "оюнга киргенин", андыктан Россиянын базарын эле карабастан башка рынокторго чыгуу каналдарын караш керектигин айтат. 

"Россия менен Украина кырдаалында, Россиянын санкция алдында калып, башка бренддердин кетип калышынын жыйынтыгында, Россия базарында орундар пайда болду. Ал орундарга азыр Өзбекстан, Кыргызстан, Кытай күрөшүп жатат. Атаандаштык күчтүү. 

Азыркы кырдаал мындай: Кытайдын өндүрүшү кайрадан күчүнө кирип, логистиканы мыкты жолго коюп жатат. Кайрадан тез иштеп баштады. Ири кардарлар Өзбекстанга, Кытайга кете башташты. Доллар Россияда көтөрүлсө, бизде дагы көтөрүлөт, биз аябай эле алар менен экономикалык байланыштабыз.

Ошондуктан биз бул кырдаалда Россиянын базарын эле карай бербей, башка каналдарды дагы издешибиз керек. Европанын рыногуна чыгуу маселеси мамлекеттик деңгээлде каралыш керек. Мүмкүн, мамлекет биздин чет өлкөнүн рыногуна чыгууга, сатуунун башка каналдарын ачууга жардам берген кандайдыр бир департамент ачса жакшы болмок. Мисалы, рубль куласа деле биздин өндүрүш токтобой тургандай башка рыноктор керек", - дейт ал. 
Тигүү тармагындагы ары татаал, ары кызык 17 жылдык узун жол — ишкер Зухра Кемелбекова менен маек
Жеңил өнөр жай тармагында 17 жылдан бери кийим тигүү өндүрүшү менен алектенип, жүздөгөн жарандарды жумуш менен камсыз кылып, тигүүчүлүккө да үйрөтүп, цех ачам дегендерге атайын консультацияларды берип келген, тигүү компаниясынын директору, ”Легпром” ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөсү Зухра Кемел…

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бүгүн, Бишкек шаарында борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш болуп өттү. Ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев баштаган кесипкөй жана ышкыбоз велосипедчилер, ошондой эле үй-бүлөлөрү менен келген 2000ден ашуун шаар тургундары катышты. Шаардык мэриянын басма сөз кызмытынын маалыматына ылайык, веложүрүш Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында башталып, катышуучулар «Газпром — балдарга»

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүү жана КРнын жарандарына турак жайды жеңилдетилген шарттарда сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатын көздөп, "КРнын "Менин үйүм" мамлекеттик

Кыргыз спортчулары VI Азиянын пляждык оюндарына катышты

Кыргыз спортчулары VI Азиянын пляждык оюндарына катышты

Кече Кытайдын Санья шаарында өтүп жаткан VI Азия пляждык оюндары жыйынтыкталды. Ага КРнын спортчулары дагы катышкандыгын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, пляждык оюндарга бул жылы 45 өлкөнүн спортсмендери катышып, 14 оюндун түрү боюнча мелдештер өткөн. Кыргызстандын атынан жалпы 40 спортсмен спорттун 9 түрүнөн ат салышкан. Анын

Кыргызстандагы банктар май майрамдарында кандай иштешет: күн тартиби

Кыргызстандагы банктар май майрамдарында кандай иштешет: күн тартиби

2026-жылдын жумуш календарына ылайык, кыргызстандыктар май айында он күн бою эс алышат. 1-майдан 10-майга чейин созулуучу жазгы каникулдар күтүлүүдө. Узак дем алыш күндөрү каржылык маселелерди чечүүгө тоскоолдук кылбашы үчүн, майрам күндөрү коммерциялык банктардын иштөө убактысы боюнча кеңири маалыматты Экономист.kg даярдап чыккан. Эске алуучу нерсе: Банктар күн тартибин реалдуу убакыт