Ошто нандын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Ошто нандын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Оштогу Ош-маркет жана Сити-маркет соода түйүндөрүндөгү нан азыктарына мониторинг жүргүздү.

Мониторингдин жүрүшүндө 300-310 гр тандыр нан 30 сомдон, ал эми 390гр бөлкө нан 25 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды. Тактап айтканда, белгиленген баадан ашыкча сатылган фактылар аныкталаган жок.

Белгилей кетсек Ош шаарынын аймагында бөлкө нандын максималдуу деңгээли 1 кг дүң баасы 56.5 сомдон, чекене баасын 65 сом, нан азыктарына (тандыр нан) дүң баасы 89 сом жана чекене баалары 100 сомдон белгиленген.

Мындай иш-чаралар байма-бай жүргүзүлүп турмакчы.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Түркия шаар куруу жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Түркия шаар куруу жаатында кызматташат

18-июнда Анкара шаарында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев менен Түркиянын айлана-чөйрө, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министри Мурат Курумдун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Курулуш минисрлигинин маалыматына ылайык, жолугушуунун негизги жыйынтыгы катары Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Түркия өкмөтүнүн ортосунда Шаар куруу жаатында кызматташуу

ИИМ эмгек миграциясы боюнча чараларды күчөтүү демилгесин көтөрдү

ИИМ эмгек миграциясы боюнча чараларды күчөтүү демилгесин көтөрдү

Ички иштер министрлиги эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга карата жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документте чет өлкөдө жарандарды мыйзамсыз жумушка орноштурган учурлар үчүн айып пулдарды көбөйтүү жана чет элдик эмгек күчүн мыйзамсыз тартууга карата жаза чараларын катаалдаштыруу каралган. Маалыматка ылайык, 2023-жылы чет элдик жумушчу күчүн мыйзамсыз

Ошто күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрүлдү

Ошто күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрүлдү

19-июнда Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйынын өткөрдү. Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, жыйында Э.Толтоев алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, бардык кызматтарга белгиленген иш-чаралар планын өз

Нарындагы “Чолпон” базары текшерилди

Нарындагы “Чолпон” базары текшерилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун тапшырмасына ылайык, тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында аймактарда көзөмөл иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, аталган иш-чаранын алкагында Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Нарын облусу боюнча региондук башкармалыгынын тескөөчүлөрү,