Нарындагы “Чолпон” базары текшерилди

Нарындагы “Чолпон” базары текшерилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун тапшырмасына ылайык, тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында аймактарда көзөмөл иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чаранын алкагында Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Нарын облусу боюнча региондук башкармалыгынын тескөөчүлөрү, ошондой эле Нарын өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгынын адистери менен биргеликте Нарын шаарындагы “Чолпон” базарында текшерүү жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө базарда сатылып жаткан жер-жемиштердеги нитраттын көлөмү текшерилип, анын жыйынтыгында көпчүлүк продукцияларда нитраттын деңгээли белгиленген нормадан ашпагандыгы аныкталды.

Мындан тышкары, текшерүү учурунда сатылып жаткан жер-жемиштердин тиешелүү коштомо документтери бар экендиги белгиленди.

Мындай көзөмөл иш-чаралары калктын ден соолугун коргоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында мындан ары да улантылат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды