ИИМ эмгек миграциясы боюнча чараларды күчөтүү демилгесин көтөрдү

ИИМ эмгек миграциясы боюнча чараларды күчөтүү демилгесин көтөрдү

Ички иштер министрлиги эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга карата жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Документте чет өлкөдө жарандарды мыйзамсыз жумушка орноштурган учурлар үчүн айып пулдарды көбөйтүү жана чет элдик эмгек күчүн мыйзамсыз тартууга карата жаза чараларын катаалдаштыруу каралган.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы чет элдик жумушчу күчүн мыйзамсыз тартуу боюнча 59 учур катталган. Бул көрсөткүч 2025-жылы 265 учурга чейин өскөн. Ал эми 2026-жылдын алгачкы 5 айында эле 106 учур аныкталган.

Учурдагы тартипке ылайык, жалпы мыйзамсыз иштегендер үчүн жумуш берген жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат. Ал эми жаңы сунуш күчүнө кирсе, бул сумма мыйзамсыз тартылган жумушчунун ар бирине өзүнчө эсептелет.

Ошондой эле жарандарды чет өлкөгө мыйзамсыз жумушка орноштурган ортомчу жеке жактар үчүн санкция 15 миң сомдон 20 миң сомго, юридикалык жактар үчүн 55 миң сомдон 100 миң сомго чейин көтөрүлөт. Кайталап бузуу жасалса, 30 миң сом же 150 миң сом айып пул салынат.

Ички иштер министрлиги учурдагы чара мыйзам бузгандарга жетиштүү таасир этпей жатканын айтып, жаңы демилге жарандардын эмгек укуктарын коргоого жана миграциялык иштердин ачыктыгын жогорулатууга жардам берерин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте мыйзамсыз кыйылган бактардан 24 миң сомго жакын зыян аныкталды

Бишкекте мыйзамсыз кыйылган бактардан 24 миң сомго жакын зыян аныкталды

Бишкекте Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин аймагында бак-дарактар мыйзамсыз кыйылганы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө бак-дарактарды кыюуга уруксат берүүчү тиешелүү документтер жок экени аныкталган. Жаратылышка келтирилген зыян Министрлер Кабинетинин №224 токтомуна ылайык эсептелип, анын жалпы

Сузактын Кара-Булак айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулду

Сузактын Кара-Булак айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулду

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Булак айылында 150 орунга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу аяктады. Билим берүү мекемеси 2026-2027-жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, долбоордун жалпы наркы 99 миллион сомду түздү. Долбоорго ылайык, жалпы аянты 1281 чарчы метрди

Кыргызстанда ветеринардык лабораториялар жана вакцина чыгаруучу завод курулат

Кыргызстанда ветеринардык лабораториялар жана вакцина чыгаруучу завод курулат

Күн мурун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгында Кыргыз ветеринария илимий-изилдөө институтунун базасында курулуп жаткан BLS-2 жана BLS-3 коопсуздук деңгээлиндеги ветеринардык лабораториялардын курулушу боюнча жумушчу жыйын өттү. Ведомствонун маалыматына ылайык, жыйында лабораториялык комплекстен тышкары биологиялык каражаттарды, анын ичинде вирустук жана

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы банктар жана башка финансылык уюмдар ортосунда төлөмдөрдү иштеп чыгуу жана багыттоо иштерин камсыздай турган тез төлөмдөр системасынын бирдиктүү операторун түзүүнү сунуштады. Тиешелүү жобонун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, жаңы система ар кандай банктарда жана финансылык уюмдарда тейленген кардарлардын ортосундагы акча которууларды реалдуу убакыт режиминде — суткасына 24