Кыргызстан Qatar Travel Mart туристтик көргөзмөсүнө катышууда

Кыргызстан Qatar Travel Mart туристтик көргөзмөсүнө катышууда

Кыргызстан Дохадагы Qatar Travel Mart туристтик көргөзмөсүнө биринчи жолу катышып жатат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду билдирди.

Такталгандай, Кыргызстандын улуттук стендинде төрт туроператор жана бал өндүрүүчү компания бар. Көргөзмөнүн алкагында өлкөбүздүн бет ачары болуп өттү. Конокторго кыргыз бийи көрсөтүлүп, Катардагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү даярдаган боорсок менен чак-чак тартууланды.

Көргөзмөнү өткөрүүгө Катардагы элчилик чоң жардам көрсөттү.

Qatar Travel Mart экинчи жолу өтүп жатат. Ал туризмдин бардык тармактарын бириктирет - бизнестен маданиятка чейин, медицинадан спортко чейин. Быйыл 60 өлкөдөн 250дөн ашык компания катышууда.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарындагы катуу шамалдан эки киши жабыркады

Манас шаарындагы катуу шамалдан эки киши жабыркады

Манас шаарында 18-июнда катталган катуу шамалдын кесепетинен төрт дарак сынып, эки адам жабыркады. Жабыркаган адамдардын абалы канааттандырарлык экени маалымдалды. ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, катуу шамалдан 7 көп кабаттуу турак үйдүн чатыры жабыркаган. Ошондой эле нөшөрлүү жамгырдын айынан 8 турак үйдүн короосун суу каптаган. Окуя болгон жерге Өзгөчө

Ысык-Көлдө энергетиктерге 5 даана атайын техника тапшырылды

Ысык-Көлдө энергетиктерге 5 даана атайын техника тапшырылды

Ысык-Көл электр тармактары ишканасына 5 даана жаңы атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунда энергетикалык тармактын материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери улантылууда. Анын негизинде аталган ишкананын техникалык паркы 5 даана жаңы атайын техника менен толукталып, райондук бөлүмдөрүнө жана тиешелүү кызматтарга бөлүштүрүлдү. Тактап айтканда,

Аскар Акаев Эл аралык  Ысык-Көл форумуна катышууда

Аскар Акаев Эл аралык  Ысык-Көл форумуна катышууда

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Эл аралык Ысык-Көл форумуна катышууда.  Жыйын алкагында заманбап билим берүү, идеологиялык тушоодон бошонуу, жогорку технология доорундагы адамдын жоопкерчилиги, жасалма интеллект доорундагы медианын ролу, гуманизм жана маданияттын миссиясы жана башка темалар талкууланат. Ысык-Көл эл аралык форуму 18-июнда башталып, ачылыш аземине президент Садыр Жапаров

"Energy Expo Kyrgyzstan – ШОС 2026" көргөзмөсүндө "Росатом" Кыргызстан үчүн алдыңкы технологиялык чечимдерди сунуштады

"Energy Expo Kyrgyzstan – ШОС 2026" көргөзмөсүндө "Росатом" Кыргызстан үчүн алдыңкы технологиялык чечимдерди сунуштады

Мамлекеттик корпорациянын стендинде РИТМ-200Н реакторуна негизделген чакан кубаттуулуктагы атомдук станциясынын технологиялары көрсөтүлдү. 2026-жылдын 18-19-июнуна чейин Бишкекте өтүп жаткан "Энерджи Экспо Кыргызстан – ШОС 2026" эл аралык энергетикалык көргөзмөсүндө "Росатом" алдыңкы технологиялык чечимдерди сунуштады.  Бул иш-чара Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө жана өнөктөш