"Energy Expo Kyrgyzstan – ШОС 2026" көргөзмөсүндө "Росатом" Кыргызстан үчүн алдыңкы технологиялык чечимдерди сунуштады

"Energy Expo Kyrgyzstan – ШОС 2026" көргөзмөсүндө "Росатом" Кыргызстан үчүн алдыңкы технологиялык чечимдерди сунуштады

Мамлекеттик корпорациянын стендинде РИТМ-200Н реакторуна негизделген чакан кубаттуулуктагы атомдук станциясынын технологиялары көрсөтүлдү.

2026-жылдын 18-19-июнуна чейин Бишкекте өтүп жаткан "Энерджи Экспо Кыргызстан – ШОС 2026" эл аралык энергетикалык көргөзмөсүндө "Росатом" алдыңкы технологиялык чечимдерди сунуштады.

 Бул иш-чара Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө жана өнөктөш мамлекеттердин ортосундагы энергетикалык кызматташтыкты чыңдоо үчүн негизги платформа катары, мамлекеттик органдардын, энергетикалык компаниялардын, инвесторлордун, адистештирилген жабдууларды өндүрүүчүлөрдүн жана тармактык эксперттердин өкүлдөрүн бириктирди.

 "Росатомдун" экспозициясы Россиянын акыркы иштеп чыгуусу болгон РИТМ-200Н = суу-суу ядролук реактордун негизиндеги чакан кубаттуулуктагы атомдук энергетика тармагындагы заманбап технологиялык чечимдерге арналды. Стенддеги борбордук көргөзмөнү алыскы аймактарды ишенимдүү энергия менен камсыз кылуунун келечектүү чечимин элестеткен "Инновациялык Россиялык атомдук технологиялар" макети ээледи. "Росатом" атомдук курулуш тармагына дүйнөлүк лидер катары таанымал: мамлекеттик корпорация 9 өлкөдө, 28 түзүлүш блокторун куруу боюнча долбоорлорду активдүү ишке ашырууда, анын ичинде чакан атомдук электр станциясы боюнча дүйнөдөгү биринчи экспорттук келишимдин алкагында 2 кичине блок дагы бар.

 ""Росатом" Кыргызстанга энергетикадан баштап, локалдаштыруу, билим берүү жана улуттук өнөр жайды өнүктүрүү сыяктуу тиешелүү жогорку технологиялык тармактарга чейин комплекстүү технологиялык өнөктөштүктү сунуштайт. Биздин узак мөөнөттүү стратегиялык чечимдерибиз жарандардын жашоо сапатын түздөн-түз жакшыртат, аймактардын энергетикалык көз карандысыздыгын жана коопсуздугун камсыз кылат. Бул көмүртексиз генерацияга да, экология жана жогорку технологиялуу медицина тармагындагы маанилүү долбоорлорго чейин тийиштүү" - деп белгиледи, "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын КРдагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов.

 "Росатом" Кыргыз Республикасы менен биргеликте энергетикалык, медициналык жана экологиялык тармактарда кеңири спектрдеги жогорку технологиялык долбоорлорду активдүү ишке ашырууда.


 Маалымат үчүн

Кыргызстандагы кайра жаралуучу энергия боюнча өнөктөштүгүнүн алкагында мамлекеттик корпорация биргелешкен шамал энергиясы долбоорун иштеп чыгууну улантууда. 2024-жылдын декабрында "Росатом кайра жаралуучу энергия" АКу менен Кыргызстандын Министрлер Кабинети -Ысык-Көл облусундагы Көк-Мойнок айылында өлкөдөгү биринчи 100 МВт кубаттуулуктагы шамал электр станциясын куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюшкан, ал жылына болжол менен 280 млн кВт/саат жашыл энергияны өндүрүп турат.

 Эки тараптуу кызматташтыктын алкагында ​​саламаттыкты сактоо жана ядролук медицинага олуттуу көңүл бурулуп, анын өнүгүшү 2023-жылдын июнунда кол коюлган өз ара түшүнүшүү Меморандуму менен жөнгө салынат. 2025-жылдын май айында "Росатом" МАГАТЭнин колдоосу менен Кыргызстанга биринчи жолу "Технеция-99m" генераторлорун жеткирип, өлкөгө маанилүү радионуклиддик бейтаптарды текшерүүнү кайра жандандырууга мүмкүн болду. Учурда оор илдеттин дартын аныктоо жана дарылоонун алдыңкы ыкмаларын ишке ашыруу үчүн заманбап ядролук медицина борборун Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында ачуу долбоору КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте иштелип чыгууда.

2026-жылдын майында Мин-Куш айылындагы төрт уран кенин калыбына келтирүү боюнча ири масштабдуу долбоордун КРнын ӨКМ менен биргеликте ийгиликтүү аякташып, Кыргызстандын экологиялык коопсуздугун камсыз кылууга кошкон олуттуу салымы болду. Тогуз жылдык үзгүлтүксүз иштин негизинде адистер 27 гектардан ашык аянтты калыбына келтиришти, ал эми көчүрүлгөн калдыктардын көлөмү 1,5 миллион куб метрден ашты.

Чакан кубаттулуктагы атомдук станциялар (ЧКАС) алсыз тармактык инфраструктурасы бар, жетүүгө кыйын аймактардагы керектөөчүлөрдү туруктуу жана экологиялык жактан таза энергия менен камсыз кылуунун оптималдуу чечими болуп саналат. ЧКАС атомдук энергия өндүрүүнүн салттуу артыкчылыктарына кошумча: чакандуулук, модулдук жана курулуш убактысынын кыскарышы сыяктуу бир катар артыкчылыктарды сунуштайт.

 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media