Чүй облусунун базарларында ижара акысы арзандатылды

Чүй облусунун базарларында ижара акысы арзандатылды

Министрлер кабинетинин салык реформасын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында соода-базар комплексинин ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында соода жайларынын ижара акысын төмөндөтүү макулдашылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тактап айтканда, “Мадина” базарынын администрациясы тарабынан келишимдин жыйынтыгы боюнча ижара баасы 30%га арзандатылды.

Ошондой эле, Токмок шаарынын базарларында ижара баалары 30% арзандады:

• “Токмок Булак” ЖЧКсына катталган Токмок шаарынын базары, директору А.Сыдыгалиев;

• “Токмок Мүрөк” ЖЧКсы, республикалык маанидеги мал базары, директору А.Ниязалиев;

• “Ак-Кеме Рахман” ЖЧКсына катталган Токмок шаарындагы кийим базары, директору Ш.Раимов;

• “Токмок” соода-базар комплекси, 23 соода контейнеринин ээси И.Юлдашев;

• Токмок шаарындагы кичи дүң базар, ээси М.Ахмедов.

Ушундай эле келишим Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы “Кант” ЖЧКсына катталган базар, директору У.Мукеев тарабынан калктын аялуу катмарынан чыккан ишкерлерге (соода менен алектенген пенсионерлерге) каржылык түйшүктү жеңилдетүү максатында соода жайлары бекер берилет.

Мындан тышкары, Кара-Балта шаарындагы “Береке” соода-базар комплексинде, директору Р.Мурадылов; Жайыл районундагы “Жайыл базары” соода-базар комплексинде, директору М.Шавкетов; Москва районунун Беловодск айылындагы “Ярмарка” жана “Айдар” кичи базарларында; Сокулук районундагы кичи базарларда - Новопавловка айылындагы “Нурлан”, администратору Р.Усубалиева; “Жибек-Жолу”, администратору Б.Маханов; “Сары-Өзөн”, администратору К.Абдыкалыков; мал базары, администратору У.Четимбаев; “Айбек”, администратору А.Курманбеков, “Заря”, администратору У.Шамырзаев; Панфилов районундагы - “Артел О” жана “Ак-Жолтой” кичи базарларында ижара баасы 30%га арзандады. Жайыл районунун (Кара-Балта шаары) унаа тетиктери базарынын ээси У.Ногойбаев ижара акысын 35%га төмөндөттү. Ошол эле учурда Кемин районунун кичи базарларында (Кеминдеги “Ажка” кичи базары, Орловка айылындагы “Бар Бол” кичи базары) ижара баалары 20%га арзандады.

Белгилей кетсек, Чүй облусунда 38 базар бар, алардын көбү жергиликтүү базарлар (“кичи базарлар” деп аталат), аларда ижара акысы жана кирешенин көлөмү борбордук соода-базар комплекстеринен, анын ичинде Бишкек шаарында жайгашкан комплекстерден да олуттуу айырмаланат. Ошентсе да, мамлекеттик саясатты ишке ашырууга көмөктөшүү максатында соода-базар комплексинин ээлери Чүй облусунун базарларында ижара акысын төмөндөтүүнү чечишти.

Ошону менен бирге, Чүй облусундагы соода-базар комплекстеринин ээлери базарлардын инфраструктурасын жакшыртуу менен бирге, базарларда соода кылган карапайым ишкерлерге тиешелүү шарттарды түзүп, алардын каржылык жүгүн жеңилдетүү максатында контролдук-кассалык машиналар (ККМ) менен акысыз камсыз кылышат (Чүй облусу боюнча 8714 ККМ катталган, патенттин негизинде 5861 ишкер ишин улантууда).

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте көрүстөндөрдүн саны көбөйүшү мүмкүн

Бишкекте көрүстөндөрдүн саны көбөйүшү мүмкүн

Бишкекте көрүстөндөрдүн саны 36га чейин жетиши ыктымал. Бул тууралуу шаардык кеңештин 24-июндагы жыйынында “Бишкек ритуалдык кызмат көрсөтүү агенттиги” муниципалдык ишканасынын директору Кубат Курамаев билдирди. Анын айтымында, административдик-аймактык реформанын жүрүшүндө муниципалдык көрүстөндөрдүн саны 21ге көбөйгөн. Учурда айрым аймактарда документтештирүү иштери уланууда. Жыйынтыгында борбор калаадагы көрүстөндөрдүн жалпы саны 36га жетиши

Бишкектеги Иманалиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Иманалиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

26-июндан тартып Бишкектеги М.Иманалиев көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдирди. Маалыматка ылайык, жолду оңдоп-түзөө жана жакшыртуу иштеринин биринчи этабына байланыштуу унаалардын кыймылы убактылуу чектелет. Мындан тышкары, оңдоп-түзөө иштеринин экинчи этабынын алкагында М.Иманалиев көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн 7-

Кыргызстан менен Португалия кош салык салуудан качуу боюнча сүйлөшүүдө

Кыргызстан менен Португалия кош салык салуудан качуу боюнча сүйлөшүүдө

Кыргызстан менен Португалиянын расмий өкүлдөрү кирешеге кош салык салуудан качуу жана салык төлөөдөн баш тартуунун алдын алуу боюнча макулдашууну талкуулап жатышат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Белгиленгендей, бул иш-аракеттер эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө

DemirBank эл аралык каржылоону ишке ашырды: Өзбекстандагы бизнеске колдоо көрсөтүлдү

DemirBank эл аралык каржылоону ишке ашырды: Өзбекстандагы бизнеске колдоо көрсөтүлдү

18-июнда DemirBank Европа реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын (Risk Sharing Facility – RSF) алкагында Өзбекстандын “Ozone Fitness” ЖЧКсы менен кредиттик келишимге кол койду. Тартылган каржылоо каражаттары Ташкент шаарындагы “Ozone Fitness” ЖЧК фитнес борборлор тармагынын жаңы объекттерин курууга жана иштеп жаткан борборлорун модернизациялоого багытталат. Компания Өзбекстандагы фитнес-индустриянын