Бишкекте көрүстөндөрдүн саны көбөйүшү мүмкүн

Бишкекте көрүстөндөрдүн саны көбөйүшү мүмкүн

Бишкекте көрүстөндөрдүн саны 36га чейин жетиши ыктымал. Бул тууралуу шаардык кеңештин 24-июндагы жыйынында “Бишкек ритуалдык кызмат көрсөтүү агенттиги” муниципалдык ишканасынын директору Кубат Курамаев билдирди.

Анын айтымында, административдик-аймактык реформанын жүрүшүндө муниципалдык көрүстөндөрдүн саны 21ге көбөйгөн. Учурда айрым аймактарда документтештирүү иштери уланууда. Жыйынтыгында борбор калаадагы көрүстөндөрдүн жалпы саны 36га жетиши мүмкүн.

Маалыматка ылайык, учурда алты көрүстөнгө сөөк коюуга болбойт.

Жыйында белгиленгендей, 2026-жылга агенттикке 32,4 млн сом бөлүнгөн. Анын ичинен 4,2 млн сому тууган-туушканы жок маркумдарды көмүүгө, ал эми негизги бөлүгү кызматкерлердин эмгек акысына жумшалат.

Ошондой эле 2025-жылы сөөк коюу кызматтарынан болжол менен 28 млн сом киреше түшкөнү айтылды.

Мындан тышкары окуңуз

КРдагы банктар 4 айда  9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРдагы банктар 4 айда 9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРнын Улуттук банкы өлкөнүн банк секторунун 2026-жылдын 30-апрелине карата өнүгүү тенденцияларын жарыялады. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп турган жана алардын тапкан таза кирешеси 9,5 млрд сомго жеткен. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, банк системасынын жалпы активдери төрт ай ичинде 28,

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

24-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда Досматов Кыргызстан качкындардын укуктарын коргоо жаатында эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келерин белгилеп, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосуна ыраазычылык билдирди.

Ак-Жол айылында балыкты кайра иштетүүчү ишкана ачылды

Ак-Жол айылында балыкты кайра иштетүүчү ишкана ачылды

Бишкек шаарынын Ак-Жол айылында суткасына 18 тоннага чейин балыкты кайра иштетүүчү жаңы өндүрүш комплекси ишке берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. “Вилби” ЖЧКсы ишке киргизген ишкана балыкты кайра иштетүү, жарым фабрикат жана даяр азыктарды чыгаруу, аларды заманбап муздаткыч кампаларда сактоо мүмкүнчүлүгүн

Курулуш эрежелерин бузган компаниялардын иши токтотулду

Курулуш эрежелерин бузган компаниялардын иши токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Курулуш министрлигинин маалыматында, көзөмөлдөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан “Даймонд Резорт” комплексинин коттедждери жана апарт-отелдери курулуп жаткан объектте бир