Мобилдик банк чөнтөктө. «Компаньон» тиркемеси финансылык маселелерди кантип чечет

Мобилдик банк чөнтөктө. «Компаньон» тиркемеси финансылык маселелерди кантип чечет

Азыр акча которуу, депозит ачуу, коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн банктын филиалына жана почта бөлүмүнө баруунун кереги жок. Бүгүнкү күнү бардык финансылык операцияларды өзүӊүздүн смарфондогу мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзүүгө болот.

Заманбап санариптик технологиялардын пайда болушу жана алардын банк секторуна кеӊири таралышы менен көптөгөн финансылык иштерди банктын кеӊсесине келбей онлайн бүтүрүүгө мүмкүн болуп калды. Ал үчүн өзүӊүздүн смартфондо мобилдик тиркеменин болушу жана анын идентификацияланган колдонуучусу болуу жетиштүү.    

Кеӊири функциялар – адамга маанилүү иштерден алаксыбай жана убакытты үнөмдөө менен көптөгөн күндөлүк иштерди чечүүгө мүмкүндүк берген дагы бир маанилүү шарт. Ыӊгайлуу продукттар жана сервистер күнү-түнү колдонууга жеткиликтүү болгон «Компаньон» мобилдик тиркемеси банк кызматтар дүйнөсүндө ушундай ыӊгайлуу, колдонууга жеӊил жана эч алмаштыргыс өткөргүч боло алат.

Коммуналдык кызматтарды төлөөну унутуӊузбу? Үйдө интернет бүтүп калдыбы? Ата-энелер чатында бала бакчадагы жаӊы жылдык майрамга даярданууну эске салыштыбы? Жашоодо ыкчам аракетти талап кылган, бирок мүмкүнчүлүк, убакыт, балким накталай акча дагы дайыма жетише бербеген кырдаалдар көп болот. «Компаньон» мобилдик тиркемеси – бул өзүнө мобилдик банкинг менен электрондук капчыктын мүмкүнчүлүгүн айкалыштырган смартфондогу универсалдуу инструмент. Ал аркылуу коммуналдык кызматтар, интернет, телекөрсөтүү, уюлдук байланыш, окуу, жол кире, мамлекеттик жана банк кызматтарын кошкондо бардык товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү көз ирмемде аткарууга болот. Эгерде дүкөндө же кафеде QR-код аркылуу төлөм кабыл алынса, анда мобилдик тиркемеде сканерлөөгө жана төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бар.    

«Компаньон» мобилдик тиркемесинин жардамы менен дагы кандай банк операцияларын жүргүзүүгө болот?

·       Тиркеме аркылуу күнү-түнү өлкө ичинде гана эмес, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Молдовага акча которууга болот. Анын ичинде, CберБанк онлайн аркылуу да которууларды ыӊгайлуу курс менен алууга жана жөнөтүүгө мүмкүндүк бар.

  • Тиркемеден ыкчам онлайн-кредит алууга болот – өтүнмө берүүдөн тартып, акчаны которууга чейин 5 мүнөттөн ашпаган убакыт кетет. Ал эми насыяны төгүү үчүн атайын банк бөлүмүнө баруунун кереги жок – аны дагы тиркемеден төлөй аласыз;
  • Тиркемеден пайдалуу пайыздык чендер менен онлайн-депозиттерди ачууга жана толуктоого мүмкүнчүлүк бар. Мисалы жылдык 16% чейинки жогорулатылган чен боюнча сом менен депозит ачууга болот. Бардык аманттар боюнча толук маалыматтын дайыма колуӊузда болушу дагы абдан ыӊгайлуу.

Компаньон Банктын төлөм карталарындагы акчаны өлкөнүн бардык банкоматтарынан же Компаньон Банктын агенттеринен АКЫСЫЗ чыгарып алууга болот. Ал эми мобилдик тиркемени дээрлик бардык терминалдар менен электрондук капчыктардан комиссиясыз толуктай аласыздар.

Ошентип соӊунда дагы бир жагымдуу жаӊылык бар! Компаньон Банк бардык кардарлары үчүн «Компаньондон 2 миллион» акциясын жүргүзүп жатат. Анын шарттарына ылайык, өзүнүн рефералдык шилтемеси боюнча жаӊы колдонуучуларды эӊ көп тарткан жеӊүүчү 1 000 000 сом алат. Ал эми экинчи миллион «Компаньон» тиркемесинде эӊ көп операцияларды жүргүзгөн эӊ активдүү колдонуучуга ыйгарылат. Акциянын шарттары жөнүндө толугураак ушул шилтемеден биле аласыздар.

Компаньон» мобилдик тиркемесин Google Play же AppStore аркылуу көчүрүп алгыла жана ыӊгайлуу сервисти колдонгула!

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек – Кант – Токмок жолун оңдоп-түзөө иштери башталат

Бишкек – Кант – Токмок жолун оңдоп-түзөө иштери башталат

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Бишкек –Кант унаа жолуна барып, жолдун учурдагы абалы жана транспорт агымы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө министрге тиешелүү кызматтар тарабынан маалымат берилип, жол кыймылынын коопсуздугун

Жаш Гвардия бульварындагы көпүрө оңдолот

Жаш Гвардия бульварындагы көпүрө оңдолот

24-июндан тарта Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги жаңы транспорттук жол түйүнүн жана көпүрөнү куруу иштеринин экинчи этабынын алкагында аталган кесилиш унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоордун биринчи этабында Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин Бакаев көчөсүн улап ачуу

Ошто коомдук транспоттун каттамдык багыты өзгөртүлөт

Ошто коомдук транспоттун каттамдык багыты өзгөртүлөт

Ош шаарында коомдук транспорттун каттамдык багыттарын кайра кароо боюнча комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев төрагалык кылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, жыйында шаар чоңоюп, калктын саны көбөйүп жатканы айтылды. Жаңы конуштар, жаңы көчөлөр пайда болду, жолдор өзгөрдү. Борбордук базар жаңы

Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы тарабынан шаар четиндеги жана шаар аралык автобус каттамдарында “Бакай Банк” ЖАКтын QR-коддору аркылуу накталай эмес жол кире төлөө системасы пилоттук режимде ишке киргизилди. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, учурда жаңы төлөм системасын этап-этабы менен киргизүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында программалык камсыздоо,