«Альянс Алтын» 500 компаниянын ичинен салык төлөмдөрү боюнча 2-орунду ээледи

«Альянс Алтын» 500 компаниянын ичинен салык төлөмдөрү боюнча 2-орунду ээледи

Альянс Алтын 2022-жылга карата салык төлөмдөрүнүн рейтингинде 500 компаниянын ичинен экинчи орунду ээледи. Мындай маалыматтар TOP 500 Taxpayers KG журналынын жаңы санында берилген.

Рейтинг Салык кызматынын маалыматы боюнча түзүлдү.

Белгилей кетсек, 2021-жылга карата салык төлөмдөрүнүн рейтингинде «Альянс Алтын» компаниясы алтынчы орунда турган. Бул компания ошол жылдын жазында алтынды бөлүп чыгаруучу фабриканы жаңыдан ишке киргизгени менен түшүндүрүлөт.

Компания Жерүй алтын кенин иштетүүгө лицензияны 2015-жылы алган. Андан бери Кыргызстандын бюджетине салык түрүндө 14.5 млрд сом (анын ичинде 2023-жылдын январынан ноябрына чейин 5.3 млрд) төлөгөн. Анын 10.5 млрд сому алтын сатуудан түшкөн салыктар.

Жерүй кенинде алтын бөлүп алуу фабрикасы ишке киргенден бери 11 миң 261.593 килограмм алтын өндүрүлгөн.

Анын ичинен 2021-жылы – 3007.852 килограмм, 2022-жылы – 4163.553 килограмм жана 2023-жылдын 1-январынан 10-декабрына чейин – 4090.188 килограмм.

2023-жылга фабрикада рудадан алтынды акырына чейин бөлүп алуу 90.97% түздү.

Учурда «Альянс Алтында» 866 кызматкер иштейт: 843 кыргызстандык, анын 742си Талас облусунан, 23ү чет элдиктер. «Альянс Алтын» 367 адамды окутуп, алардын 224ү кабыл алуу комиссиясынын ишинин жыйынтыгы менен ишканага жумушка орношкон.

Мындан тышкары окуңуз

Баткендеги катуу шамалдын кесепети 16 млн сом чыгымга учуратты

Баткендеги катуу шамалдын кесепети 16 млн сом чыгымга учуратты

27-июнда Баткен шаарында, ошондой эле Баткен жана Лейлек райондорунун аймагында катуу шамал болуп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 27–28 метрге чейин жетти. Бул тууралуу президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгынын кесепетинен айрым турак үйлөрдүн жана социалдык объектилердин чатырлары жабыркап, башка материалдык чыгымдар

Нарындагы мыйзамсыз курулган тосмолор буздурулууда

Нарындагы мыйзамсыз курулган тосмолор буздурулууда

Нарын шаарынын Жаңы Жол чөлкөмүндө мыйзамсыз тосулуп алынган жер аянттарын кайтарып алуу максатында дубал тосмолор жана сарайлар бузулууда. Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматынын айтымына караганда, “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо” жөнүндөгү президенттин 109 -Жарлыгынын алкагында мыйзамсыз курулуштарды аныктоо, бузуу боюнча жарандарга билдирүүлөр да

Кыргызстан менен Пакистан соода-экономикалык  долбоорлорду ишке ашырат

Кыргызстан менен Пакистан соода-экономикалык долбоорлорду ишке ашырат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Пакистандын Лахор шаарындагы Кыргызстандын ардактуу консулу менен жолугушту. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды. Пакистан тарап Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, артыкчылыктуу тармактары жана инвесторлор үчүн каралган мамлекеттик колдоо чаралары менен таанышты. Равшанбек Сабир

“Кыргыз Петролеум Компаниясын” жаңылоого 409,9 млн доллар каралган

“Кыргыз Петролеум Компаниясын” жаңылоого 409,9 млн доллар каралган

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Манас шаарында өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май маселелерине байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана мунай менен иш алып барган бир катар жеке компаниялардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, отурумда негизинен “Кыргызнефтегаз”