Салыкчылар Аламүдүн базарынан 11.7 миң куту контрафакттык тамеки тартып алды

Салыкчылар Аламүдүн базарынан 11.7 миң куту контрафакттык тамеки тартып алды

Салык кызматынын кызматкерлери Бишкектин Аламүдүн базарынын аймагынан тамеки продукцияларын мыйзамсыз сатуу фактысын аныкташты.

Натыйжада мыйзамсыз жүгүртүүдөн 11 миң 733 куту тамеки тартып алынды. Ишкерлерге карата КРнын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Тамеки продукцияларын мыйзамсыз сактоону жана сатууну аныктоо боюнча иштер өлкөнүн бардык аймагында үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Жыргалаң курортунда 3 миң карагай көчөтү отургузулду

Жыргалаң курортунда 3 миң карагай көчөтү отургузулду

Ак-Суу районунда жайгашкан "Жыргалаң" лыжа курортунун аймагында ишембилик уюштурулуп, ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ачык акционердик коому маалымдады. Иш-чаранын алкагында курорттун 3,5 гектар аянты жашылдандырылып, жалпысынан 3000 даана ийне жалбырактуу көчөт тигилди. Демилге аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга жана жаратылышты коргоого багытталган.

"Менин шаарым" тиркемеси Бишкектеги самокаттарга көзөмөлдү күчөтөт

"Менин шаарым" тиркемеси Бишкектеги самокаттарга көзөмөлдү күчөтөт

Бишкек шаарында туура эмес токтотулган же ташталып кеткен электрсамокаттарга байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү дагы да жеңилдеди. Эми шаар тургундары мындай учурлар боюнча түздөн-түз "Менин шаарым" мобилдик тиркемеси аркылуу кайрылуу жөнөтө алышат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Бул тиркеме бүгүнкү күндө шаар тургундары, муниципалдык кызматтар жана самокаттарды ижарага берүүчү компаниялар ортосундагы

Зергерчилик тармагына колдоо: чийки зат арзандап, жеңилдетилген насыялар берилет

Зергерчилик тармагына колдоо: чийки зат арзандап, жеңилдетилген насыялар берилет

Кыргызстанда зергерчилик өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган жаңы чаралар кабыл алынды. Бул демилгелер Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилди. Экономика министрлигинин маалыматка ылайык, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында баалуу металлдарды сатуу тартиби өзгөртүлдү. Эми ишканалар чийки затты London Bullion Market Association белгилеген

Бишкекте жаңы объектилерди электр энергиясы менен камсыздоо күчөтүлүүдө

Бишкекте жаңы объектилерди электр энергиясы менен камсыздоо күчөтүлүүдө

“КУЭТ” ААКнун Бишкек электр тармактар филиалы шаарда жаңы салынып жаткан объектилерди туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо боюнча ири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда шаар аймагында заманбап кабелдик чубалгылар тартылып жатат. Анда жогорку жүктөмгө туруктуу жана ишенимдүүлүгү жогору болгон АПвБПуг маркасындагы (сшитый полиэтиленден) кабелдер