Компаньон Банк «Компаньондон 2 миллион» акциясынын биринчи этабынын жеӊүүчүлөрүн сыйлады

Компаньон Банк «Компаньондон 2 миллион» акциясынын биринчи этабынын жеӊүүчүлөрүн сыйлады

Жеӊүүчүлөр тизмесинде – акцияда рефералдык шилтеме аркылуу «Компаньон» мобилдик тиркемесине жаӊы колдонуучуларды эӊ көп чакырган 10 эӊ активдүү катышуучунун, ошондой эле анын сервистерин активдүү колдонгон дагы 10 катышуучунун аты-жөнү бар.

Майрамдар бүттү, ал эми белектер түгөндү! Компаньон Банк «Компаньондон 2 миллион» акциясынын биринчи аралык этабынын катышуучуларын жеӊиши менен куттуктады.

Акчалай сертификаттар менен сыйлоо салтанаты Бишкекте, ошондой эле Банктын аймактык бөлүмдөрүндө болуп өттү: Баткен облусунда 6 жеӊүүчү, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 жана Ысык-Көл облусунда 2 жеӊүүчү аныктылды. Жалпысынан 20 адам сыйланды, алар төмөнкү номинациялар боюнча жеӊүүчү деп табылган:   

·      «Компаньон» мобилдик тиркемесине чакырылган колдонуучулардын эӊ көп саны»;

·      «Компаньон» мобилдик тиркемесин эӊ активдүү колдонуу». 

Акциянын шарттары боюнча, мобилдик тиркеменин жаӊы колдонуучуларын рефералдык шилтеме аркылуу чакыруу жана тиркемеден ар кандай финансылык операцияларды, анын ичинде QR-код боюнча кызматтар жана сатып алуулар үчүн төлөм жүргүзүү, депозит ачуу, Кыргызстан ичинде жана чет өлкөлөрдөн акча которууларды кабыл алуу жана жөнөтүү зарыл. Алдыда жыйырмадан жеӊүүчү аныктала турган дагы эки этап бар, аларды 50 000 сомго чейинки сыйлыктар күтүп турат. Ал эми финалда акциянын эӊ активдүү эки катышуучусу бир миллиондон байге утуп алат!

 Экинчи орунду ээлеген Сезим Алмазбекова акчалай сыйлыкты утуп алыш үчүн досторуна жана соцтармактардагы катталуучуларына тиркемени көчүрүп алуу үчүн рефералдык шилтемени жөнөткөн. Анын утушу 45 000 сомду түздү. Бул акчаны жаш үй-бүлө турак жай сатып алуу үчүн топтомго кошот.

 «Бул сумманы дагы көбөйтүү үчүн акциянын кийинки этаптарына сөзсүз катышам. Бул үчүн шилтемени бөлүшкүлө жана акча иштеп тапкыла – бул чындап иштейт», - деди Сезим Алмазбекова.

Сатуучу-консультант Бекжан Байжанов - «Компаньон» мобилдик тиркемесинин активдүү колдонуучусу, ал анын артыкчылыктарын бир нече жыл мурда баалаган. Мобилдик тиркеменин жардамы менен үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келген финансылык операциялар бишкектик жигитке 45 000 сомдук жагымдуу бонус алып келди. Бекжандык айтымында, ал ушул акчаларды алыш үчүн анчалык деле жанын кыйнаган эмес.  

«Тиркемени эл катары колдончумун: төлөм жүргүздүм, акчаларды котордум, депозит эсеп ачтым жана жыйынтыгында ушундай сыйлык алдым. Акцияга мындан ары да катышам жана 1 миллион сомдук баш байгени утуп алууга аракет кылам», - деп биринчи этаптын жеӊүүчүлөрүнүн бири ой бөлүштү. 

Компаньон Банктын PR-менеджери Мадина Асанова белгилегендей, акция ар бир катышуучу үчүн утуш алып келет.

«Тиркемени көчүрүп алууда сиз автоматтык түрдө баланска 50 сом аласыз. Ал эми сиздин рефералдык шилтеме боюнча тиркемени көчүргөн жана идентификациядан өткөн ар бир чакырылган колдонуучу үчүн дагы сизге 50 сом которулат. Ошентип чакырылгандар канчалык көп болсо, бонус да ошончолук көбөйөт, - деп Банктын өкүлү айтып берди. 

- Андыктан акцияга жигердүү катышыӊыздар жана мобилдик банкингди колдонуӊуздар. «Компаньон» мобилдик тиркемеси – бул 500 ашык банктык жана финансылык кызматтар. Алардын жардамы менен сатып алууларды жана кызматтарды төлөөгө, ички жана эл аралык тез которууларды жүргүзүүгө, сомдо жылдык 16% жогорулатылган чен менен онлайн-депозиттерди ачууга жанга беш мүнөттө онлайн-кредит алууга болот. «Компаньон» мобилдик тиркемесин дээрлик бардык терминалдар менен электрондук капчыктардан акысыз толуктай аласыздар – ал эми накталай акчаны өлкөнүн бардык банктарынын банкоматтарынан комиссиясыз алууга болот». 

Акция жөнүндө толук маалыматты www.kompanion.kg сайтынан же Кардарларды колдоо кызматынан 88 00 мобилдик номери аркылуу биле аласыздар. 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкетеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкетеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”