Ысык-Көлдөгү пансионаттагы коттедж ээлери мүлкүнөн ажырап калышы мүмкүн

Ысык-Көлдөгү пансионаттагы коттедж ээлери мүлкүнөн ажырап калышы мүмкүн

«Фонтан» эс алуу борборундагы коттедж ээлери укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулуп жаткан болушу мүмкүн дешет. Алар укуктук баш аламандыкты токтотуп, пансионаттын чыныгы кожоюндарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоону суранышты. Ишкерлердин кайрылуусу тууралуу Kaktus.media сайты жазып чыкты.

Мүлктүн чыныгы ээлери кимдер?

Мүлккө бирге ээлик кылгандардын айтымдарында, 2015-жылдын июнь айында «Фонтан» эс алуу борборунун мурдагы кожоюну Ольга Гербер пансионатты Анатолия Родугинге сатат. Сатуу/сатып алуу келишими Гербердин тил каты менен ырасталган.

«2015-жылдан 2022-жылга чейин Ролдугин өзүнө таандык пансионатты толугу менен ээлеп, пайдаланган жана тескеген. Киреше таап, салыктарды төлөп, пансионаттагы жер тилкелерин бөлүп, башка бүтүмдөрдү жасаган, башкача айтканда, пансионаттын ичиндеги ар бир жер тилкесинин тагдырын толук кандуу чечип турган. Мындан тышкары 2017-жылдан тарта соттун чечимдери менен бардык коммуникациялар эс алуу борбордун аймагындагы коттедж жана башка мүлк ээлеринин жалпы үлүштүк менчиги катары таанылган. «Фонтан» эс алуу борборунла жалпысынан 20дан ашык адамдын коттедж жана жер тилке түрүндөгү мүлкү бар», - деп түшүндүрүштү алар.

2022-жылдын 28-мартында Ролдугин келишимдин негизинде Диана Афанасьевага мүлк белекке берет. Бардык айтылган бүтүмдөр каттоо органдарында тийиштүү түрдө катталып, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн жана мыйзам чегинде толук сакталган.

Соттук териштирүүлөр

Былтыр жай мезгилинин аягында мүлк ээлеринин катарына Алексей Островский деген киши пайда болот. Маалым болгондой, ал пансионаттын мурдагы ээси Ольга Гербердин ишенимдүү адамы экени белгилүү болду. Белгилей кетсек, Гербер ошол учурда Германиянын жараны болгон. «Фонтан» борборунун экс-ээси Ролдугин менен Афанасьеванын үстүнөн доо арыз менен кайрылып, мүлктү сатып алуу-сатуу келишимин жокко чыгарууну талап кылган. Доогерлер 2015-жылдагы сатып алуу-сатуу келишими «жалган (ойдон чыгарылган) жана тараптардын чыныгы ниетине дал келбегендигин» негиз кылышкан.

«Кызыгы, пансионаттын ээси Ролдугин коюлган дооматты толугу менен моюнга алат. Жогоруда айтылган жагдайларга карабастан, ал соттон Островскийдин талаптарын канааттандырууну өтүнөт. Ошентип 2023-жылдын 10-ноябрындагы Ысык-Көл райондук сотунун судьясы Кеңешбек Бекчаловдун төрагалыгы астында Гербердин доо арызы толугу менен канааттандырылат. Чечим иштин маанилүү жана орчундуу жагдайлары иликтенбей, соттук териштирүүгө катышкан үчүнчү жактардын укуктары жана кызыкчылыктары эске алынбастан кабыл алынган», - дешет үлүш ээлери.

«Фонтандагы» коттедж ээлери сот процесси процессуалдык жана материалдык одоно бузуулар менен өткөнүн белгилешти:

  • Процесстик мөөнөт өткөрүлүп жиберилген. Башкача айтканда, укугу бузулган адам өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрыла турган мөөнөт бузулган.
  • Островскийге да, Бектур Асановго да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына туура келбеген ишеним кат толугу менен канааттандырылган.

«Бул алдамчылык»

Мүлккө чогуу ээлик кылуучулардын айтымында, Ысык-Көл райондук сотунун жогорудагы чечими рейдерлик жол менен басып алуу үчүн жаңы шарттарды жана сатылган мүлк боюнча алдамчылык схемаларын түзүшү мүмкүн.

«Укук коргоо жана сот органдары белгилүү бир адамдардын же коммерциялык түзүмдөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн алдамчылык схемалардын болушуна жана сакталышына көмөктөшүп жатканы ачык эле көрүнүп турат. Муну менен ар ким эле сот органдары аркылуу башка бирөөнүн мүлкүнө ээлик кыла алат», - деп баса белгилешти кайрылгандар.

Ошондой эле алардын айтымдарында, пансионаттын аймагындагы мүлктүн ээлери Ольга Гербер, Алексей Островский, жактоочу Бектур Асанов, Анатолий Ролдугин эс алуу борбордун мыйзамдуу ээси Диана Афанасьеванын эч кандай макулдашуусу жана уруксаты жок эле коммерциялык иштерди жүргүзүп жатат деп эсептешет.

«Алар мүлк комплексин, анын үлүштүк коммуникацияларын өз алдынча башкарып, эс алуучуларга бөлмөлөрдү ижарага берүүдөн төлөмдөрдү алып, электр энергиясын жана сууну келишими жок үчүнчү жактарга өткөрүп беришет. Мындай баш аламандыкты токтотуп, чыныгы менчик ээлеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо керек», - дешти жабырлануучулар

Белгилей кетсек, жаңы көз жарган Афанасьева Kaktus.media редакциясына буга чейин интервью берүүгө макулдашкан. Бирок жогорудагы иш боюнча соттук териштирүүгө чейин ал укук коргоо органдары тарабынан кармалгандыктан, маек четке кагылды.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Бүгүн суучулдар Түп булуңунан 1700 метр узундуктагы балык уулоочу эски торлорду чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, суучулдар ӨКМдин "Мөлтүр" кемесине түнөп, көлдү тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Белгиленгендей, Ысык-Көл акыркы 4 жылдан бери таштанды жана балык уулоочу торлордон тазаланууда.

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун жүрүшү талкууланды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун жүрүшү талкууланды

Жыргалаң айылында “Ала-Тоо Резорт” бардык сезондогу тоо-кластери мамлекеттик долбоорун ишке ашыруу маселелери боюнча көчмө жыйын өттү. Жыйын Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиевдин төрагалыгы астында уюштурулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чарага суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев, министрликтин кызматкерлери

Эрлист Акунбеков “Джунда” заводундагы модернизация иштери менен таанышты

Эрлист Акунбеков “Джунда” заводундагы модернизация иштери менен таанышты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кара-Балта шаарындагы “Джунда” Чайна Петроль Компани” жабык акционердик коомуна таандык мунайды кайра иштетүүчү заводуна барып, модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын башчылары, заводдун жетекчилиги жана

Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт

Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы шаарды ысык суу менен камсыздоо үчүн колдонулган жылуулук тармактарындагы оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аяктаганын билдирди. Маалыматка ылайык, 8-майда адистер системаны муздак суу менен этап-этабы менен толтурууну жана ысык суу берүү процессине даярдык иштерин башташат. Ал эми Бишкек ЖЭБи керектөөчүлөргө ысык сууну 9-майдан тарта бере баштайт. Алгач