Бишкекте Яндекс Go тамак-ашка буйрутма сервиси иштей баштады

Бишкекте Яндекс Go тамак-ашка буйрутма сервиси иштей баштады

Рыноктогу жаӊы оюнчунун пайда болушу менен керектөөчүлөр даяр тамакка буйрутма берүүчү технологиялык платформага мүмкүнчүлүк алышат, ал эми ресторандар – жаӊы кардарлар агымы менен сатуулардын көбөйүшүнө жетишет. 

Бишкекте кафе жана ресторандардан даяр тамак-аш жана дүкөндөрдөн азык-түлүк жеткирүүчү тамак буйрутма сервиси иштей баштады. Үйгө же кеӊсеге ысык тамакты Яндекс Go тиркемесинде буйрутма берүүгө болот. Долбоордун башында сервиске ресторандык бизнестин 80 ашык өкүлү кошулду, алардын арасында KFC, NAVAT, «Бублик», ошондой эле ритейл бар. Өнөктөштөрдүн тизмеси дагы толукталат, ал эми жеткирүү зонасы – өсө берет. Ошентип керектөөчү түрдүү тамак-ашка жеткиликтүү болуп, тиркемедеги фильтрлер жана атайын топтомдор тандоого жардам берет, ал эми бизнес – жаӊы кардарлардын агымына жана сатууну көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк алат.   

«Кыргызстанда фудтех рыногу жетиштүү өнүккөн. Ал эми кызматка талап сунуштан ашат жана биз сапаттуу тейлөө жана тез жеткирүү сунуштоого даярбыз. Биздин такси чакыруу жана жөнөтмө жиберүүчү тиркемебиз өлкөнүн көпчүлүк шаарларында ийгиликтүү иштеп жатат. Эми болсо керектөөчүлөргө даяр тамак-аш менен азык-түлүктөрдү тез жана ыӊгайлуу жеткирүүнү камсыз кылган технологиялык сервис жеткиликтүү болот», - дейт Кыргызстандагы Яндекс Go Тамактын жетекчиси Арман Досмаилов. 

Өнөктөштөр менен иштешүүгө жана жеткирүү убактысын ылайыктоого сервистин акылдуу технологиясы мүмкүндүк берет. Айтсак жеткиликтүү ресторандар тизмесинен ар бир дарек үчүн жакынкы мекеме көрсөтүлөт. Тамак даяр болгуча, платформа буйрутманы бөлүштүрөт жана линиядагы курьерлер менен ыӊгайлуу маршрут түзөт. Тамак-аш жеткирүүнүн жүрүшүн тиркемеден көрүүгө болот – ал буйрутманын макамын жана жеткирүүчүнүн бара жаткан ордун көрсөтөт. 

Тамакка буйрутма түшкөн учурдан тартып, курьердин термо баштык менен жеткирген убактысы орточо 30 мүнөттү түзөт. Даяр тамакты өнөктөш логистикалык кызматтардын жана ресторандардын жеткирүүчүлөрү ташыйт. Курьерлер жөө, велосипед же самокат менен жүрөт. Алыс райондордон түшкөн буйрутмалардын бир бөлүгү машина менен жеткирилет.

Биринчи үч айда жеткирүү акысыз болот. Ошодой эле, сервис иштин башталышынын урматына биринчи буйрутмага арзандатуу берет – ал кардарга 250 сомго арзан түшөт. Буйрутманы тиркемедеги аккаунтка байланган банк картасынын жардамы менен же накталай төлөсө болот.  

Кыргызстан - Россия, Казакстан, Беларусь, Армения жана Өзбекстандан кийин эле ушул сервис иштеген алтынчы КМШ мамлекети болуп калды. Эл аралык рынокто Яндекс Тамак менен 20 ашык шаарда 8 миӊден ашык мекеме кызматташат. 

Такси чакыруу, тамак жана жөнөтмө жеткирүү үчүн Яндекс Go тиркемесин акысыз App Store жана Google Play аркылуу көчүрүп алууга болот, ал iOS жана Android үчүн кыргыз, орус, англис жана башка тилдерде жеткиликтүү. Кимде тиркеме бар болсо, аны Яндекс Go Тамак буйрутма сервисин пайдалана баштоо үчүн акыркы версияга чейин жаӊыртып алуу зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Бүгүн суучулдар Түп булуңунан 1700 метр узундуктагы балык уулоочу эски торлорду чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, суучулдар ӨКМдин "Мөлтүр" кемесине түнөп, көлдү тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Белгиленгендей, Ысык-Көл акыркы 4 жылдан бери таштанды жана балык уулоочу торлордон тазаланууда.

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун жүрүшү талкууланды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун жүрүшү талкууланды

Жыргалаң айылында “Ала-Тоо Резорт” бардык сезондогу тоо-кластери мамлекеттик долбоорун ишке ашыруу маселелери боюнча көчмө жыйын өттү. Жыйын Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиевдин төрагалыгы астында уюштурулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чарага суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев, министрликтин кызматкерлери

Эрлист Акунбеков “Джунда” заводундагы модернизация иштери менен таанышты

Эрлист Акунбеков “Джунда” заводундагы модернизация иштери менен таанышты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кара-Балта шаарындагы “Джунда” Чайна Петроль Компани” жабык акционердик коомуна таандык мунайды кайра иштетүүчү заводуна барып, модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын башчылары, заводдун жетекчилиги жана

Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт

Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы шаарды ысык суу менен камсыздоо үчүн колдонулган жылуулук тармактарындагы оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аяктаганын билдирди. Маалыматка ылайык, 8-майда адистер системаны муздак суу менен этап-этабы менен толтурууну жана ысык суу берүү процессине даярдык иштерин башташат. Ал эми Бишкек ЖЭБи керектөөчүлөргө ысык сууну 9-майдан тарта бере баштайт. Алгач