Салык кызматы 25 базардын өкүлдөрү үчүн окутуу семинарын өткөрдү

Салык кызматы 25 базардын өкүлдөрү үчүн окутуу семинарын өткөрдү

Салык кызматы базарлардын администрацияларынын, кичи базарлардын өкүлдөрүнүн жана ишкерлердин арасында маалыматтык-түшүндүрүү өнөктүгүн жүргүзүүнү улантууда. Бул тууралуу мекеменим маалымат кызматы билдирди.

Бул өнөктүктүн алкагында салык кызматы Бишкек шаарынын 25 базарынын жана кичи базарларынын администрацияларынын өкүлдөрүнө, салык консультанттарына электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жана башка салык режимине өтүү боюнча семинар уюштурду. Иш-чарага 80ден ашык катышуучу катышты.

Мындан тышкары, семинарда салык төлөөчүлөргө бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын жайылтуу үчүн маалыматтык буклеттер берилди.

Окутуудан кийин бул катышуучулар соода жүргүзгөн жерлеринде ККМ, ЭТТК жана ЭЭФти колдонуу, салык отчетторун тапшыруу боюнча ишкерлер үчүн маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу, маалыматтык колдоо жана пайда болгон маселелерди чечүү үчүн салык кызматынын өкүлдөрү, салык консультанттары жана базарлардын администрациялары менен мессенджерде жумушчу топ түзүлгөн.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-июлунан тартып өлкөнүн аймагында патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу