РКӨФ жана «Альянс Алтын» биргеликте Таластагы долбоорлорду каржылайт

РКӨФ жана «Альянс Алтын» биргеликте Таластагы долбоорлорду каржылайт

Россия-Кыргыз өнүгүү фонду «Альянс Алтын» компаниясы жана ушул эле аталыштагы өнүктүрүү фонду үч тараптуу кызматташуу келишимин түзүштү.

Келишим энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана башка негизги багыттарда биргелешип иштөөгө багытталган.

Бул кызматташтыктын алкагында РКӨФ жана «Альянс Алтын» өнүгүү фонду Талас облусунда тиешелүү долбоорлорду тандап, экспертизадан өткөрүп, ишке ашырууга катышат.

Макулдашуунун негизги максаттары ишкерликти колдоо жана аймактын элинин жашоо деңгээлин көтөрүү болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 700 орундуу заманбап мектеп курулуп жатат

Ошто 700 орундуу заманбап мектеп курулуп жатат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ишкаван айылында жаңы, заманбап мектептин курулушу жүрүп жатат. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, башкы планга ылайык, мектептин жалпы аянты 5613 чарчы метрди түзүп, имарат 3 кабаттан турат. Билим берүү

Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолугат

Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолугат

Президент Садыр Жапаров кыска мөөнөттүү иш сапары менен Москвага барат.Россиянын баш калаасында Владимир Путин менен кезигет. Бул тууралуу Россия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков россиялык маалымат каржаттарына билдирген. Анын айтымында, лидерлер алгач жеке жолугушуу өткөрүп, андан соң сүйлөшүүнү түшкүтамакта улантышат. Узакка созулган жана мазмундуу талкуу күтүлүүдө. Кремль

Бакыт Төрөбаев баштаган делегация Нарын, Ысык-Көл облустарын кыдырып жатат

Бакыт Төрөбаев баштаган делегация Нарын, Ысык-Көл облустарын кыдырып жатат

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев баштаган делегациянын Нарын жана Ысык-Көл облусунда өткөрүлгөн иш сапары өлкөнүн аймактык өнүгүүсүн жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири болду.  Иш сапардын алкагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан сунушталган демилгелер, инфраструктураны жакшыртуу, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана “жашыл экономиканы” өнүктүрүү багытындагы долбоорлор, региондун

Казакстанда эки күндө 550дөн ашуун мал кырылды

Казакстанда эки күндө 550дөн ашуун мал кырылды

Казакстандын Маңгыстау облусунда эки күндүн ичинде малдын массалык кырылышы катталып, 550дөн ашуун мал өлгөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана фермерлер билдиришти. Эң оор абал Каракия районунда түзүлгөн. Акиматтын маалыматына ылайык, 20-апрелде 237 мал, ал эми 21-апрелде дагы 316 мал кырылган. Өлгөн малдын арасында жылкылар, койлор, эчкилер жана төөлөр бар. Кырсыктын негизги