«Альянс Алтын» өндүрүштүк калдыктарды курулуш материалдарына кайра иштетүү технологиясын патенттеди

«Альянс Алтын» өндүрүштүк калдыктарды курулуш материалдарына кайра иштетүү технологиясын патенттеди

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызпатенттен алтын казуучу өндүрүштүнкалдыктары — кектерди курулуш тармагында кайра пайдалануу технологиясына автордук укук объектисин каттоо тууралуу күбөлүк алды. Бул тууралуу ишкана билдирди.

Бул окуя компаниянын туруктууөнүгүү стратегиясын ишке ашырууда жана экологиялык жактан коопсуз чечимдерди өнөр жай өндүрүшүнө киргизүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.

Кектердин экологиялык коопсуздугу илимий жактан да ырасталган. Кыргыз РеспубликасынынУлуттук илимдер академиясынын Химия жана фитотехнология институту фабриканын технологиялык процесстерин терең изилдеп чыгып, кектерди курулуш материалдарыкатары пайдаланууга болот деген корутунду чыгарган. Илимий изилдөөлөр кектерде эркин цианид жок экенин көрсөтүп, ошондой эле Жерүй алтын бөлүп алуу фабрикасынын калдыктарынын радиациялык фону норманын чегинде экенин аныктаган.

Лабораториялык изилдөөлөр кектерден аралаштыргыч эритмелер, жарым кургак ыкма менен басылып жасалган дубал блоктору, күйгүзүлгөн кыш, таманташ, жолдогутемир-бетон тосмолору, газобетон, ички жана сырткы иштерге арналган кургак курулуш аралашмалары, ошондой эле цемент кошулган жолго чачуучу материалдарды чыгаруугамүмкүн экенин тастыктады.

Компания ошондой эле иштелип чыккан технологияны өнөр жайда колдонууга уруксат алуу үчүн зарыл болгон кектердин физика-химиялык курамына анализ жүргүздү.

Өз ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында «Альянс Алтын»компаниясы кызыкдар тараптарга Жерүй кенинин калдыктар сактоочу жайында кектердин негизинде жасалган курулуш материалдарын көрсөтүүдө.

Бул объектгеомембрана менен жабдылып, дренаж толук жокко чыгарылган. Демек, калдыктардагы нымдуулук кайра иштетүү циклине кайтарылып, дарыядан суу алуу азайтылат жанаайлана-чөйрөгө болгон таасир азаят.

«Альянс Алтын» компаниясы тоо-кен өндүрүшүндө жаңы философияны түзүүдө. Башкача айтканда, мында калдыктар ресурс катары каралат. Технологиянын автордук укугукатары катталышы компаниянын Кыргыз Республикасынын өнөр жай тармагындагы туруктуу жана экологиялык жактан коопсуз чечимдерди ишке ашырган лидерлердинбири экенин ырастайт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу