Ата мекендик товарларга СТ-1 сертификаты берилет

Ата мекендик товарларга СТ-1 сертификаты берилет

Экономика жана коммерция министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын башкы адиси Элдос Сагымбаев кечээ ата мекендик өндүрүрүшчүлөргө мамлекеттик гана ишканалар эмес, жеке ишкерлер жана инвесторлор дагы кирерин билдирди. 

Анын айтымында, ата мекендик өндүрүшчү статусун аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан берилүүчү товардын келип чыгуусун көрсөткөн СТ-1 сертификаты колдонулат. Бул документ товардын Кыргызстанда өндүрүлгөнүн жана тиешелүү талаптарга жооп берерин бышыктайт. 

 “Экспорттук товар үчүн СТ-1 сертификатын алуууну каалаган өндүрүшчү Соода-өнөр жай палатасына кайрылыш керек. Сертификат берүү процедурасында арыз берүү, товардын кайдан келип чыкканын, эмнеден жасалганын бышыктаган документтерди көрсөтүү, экспертиза жүргүзүү жана андан ары сертификатты каттоо камтылган”, – дейт Э. Сагымбаев. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу