Лейлекте эми газоблок чыга баштайт

Лейлекте эми газоблок чыга баштайт

Лейлек районунда өлкөдөгү эң ири автоматтык жана автоклавдык газоблок өндүрүүчү эко-завод жакында ишке берилерин “Кабар” маалымат агенттигине заводду негиздеген “Газоблок KG” ЖЧКсынын жетекчиси Нурсланбек Балтабаев билдирген.

 Завод жылына 12 млн даана( 432 миң куб метр) газоблок, тагыраагы суткасына 1 миң 200 куб метр газоблок өндүрө алат. Ишкана ээсинин айтымында, заводду курууга жалпы 12 млн доллар инвестиция тартылган. 5 гектарды ээлеген ишканада азыр жабдууларды орнотуу иштери жүрүүдө. 

 “Мындай ири газоблок чыгаруучу завод буга чейин Кыргызстанда болгон эмес. Лейлек районуна завод ачканыбыздын себеби, аймактагы миграцияны токтотууга салым кошуу. Район чек арага чектеш болгондуктан, жарандар миграцияга кетип, ишке жарамдуулар аз”, - деди Балтабаев.

Аталган заводдо газоблок Германия технологиясы менен өндүрүлүп, экологияга терс таасирин тийгизбейт. Ишкана иштеп баштаса 120 адам иш менен камсыз болот. Эске салсак, буга чейин кыргызстандыктар газоблокту Өзбекстандан сатып алып келишкен. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу