“Тамчы” инвестициялык аймагы түзүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдө «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статусу бар «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле эл аралык консультанттар, сингапурдук «Makara Capital» инвестициялык-консультациялыккомпаниясынын жетекчилери жана эксперттери катышты.
Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев аталган инвестициялык аймактытүзүү өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын бири болуп саналарын белгиледи. Кеңешмеге катышкан сингапурдук «Makara Capital» инвестициялык-консультациялык компаниясынын жетекчилери менен эксперттери долбоорду долбоорлоонун жана ишке киргизүүнүн негизги принциптерин баяндашты.