Коммерциялык банктардын кирешелери көбөйдү

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2025-жылдын 1-июлунда өлкөдө 21 коммерциялык банк жана алардын 310 филиалы иштеп турган. Бул банктарда жалпы 23 миң адам эмгектенсе, 2025-жылдын I жарым жылдыгында кардарлардын эсептеринин жалпы саны 17,2 млн сомго жеткен.
Ошондой эле бул жылдын I жарым жылдыгында коммерциялык банктардын кирешелери 66 млрд 617,3 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11 млрд 467,4 млн сомго көп болгон.
Кирешелер кардарлардын насыялар боюнча пайыздык кирешелеринин жана комиссиялык кирешелердин жогорулашынан улам көбөйгөн.