Мурдагы банкир малина өстүрүп, чет өлкөгө экспорттой баштады

Мурдагы банкир малина өстүрүп, чет өлкөгө экспорттой баштады

Руслан Кубанычбеков — буга чейин шаарда банк тармагында иштеп, кийин дыйканчылыкты тандап, ийгиликтүү агробизнесменге айланган кыргыз фермери. Ал учурда малина, дарбыз жана алча өстүрүп, экологиялык жактан таза продукцияларды өндүрүү менен алектенет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Руслан өзүнүн фермасында биогумус өндүрүү технологиясын иштеп чыгып, аны иш жүзүндө колдонууда. Бул органикалык жер семирткич химиялык заттарга альтернатива катары колдонулуп, түшүмдүүлүктү 20–30%га чейин жогорулаткан. Анын айтымында, биогумустун жардамы менен өстүрүлгөн мөмө-жемиштер сапаты жагынан да жогору болуп, учурда Россияга экспорттолууда.

“Биз үй-бүлөбүз менен биогумус өндүрүүнү баштадык жана толугу менен химиялык жер семирткичтерден баш тарттык. Натыйжада түшүм көбөйүп, сапаты да жакшырып, чет өлкөгө чыга баштадык. Бул ыкманы кошуна чарбалар да колдонуп жатышат. Ошентип, биз өнүгүү менен бирге жаратылышты да сактап калууга болорун далилдедик”, — дейт Руслан Кубанычбеков.

Ошондой эле ал айыл чарбаны келечектин негизги тармагы катары көрөрүн баса белгилеп, жаштарды дыйканчылыкка тартуу маанилүү экенин айтат.

Белгилей кетсек, Руслан Кубанычбеков жакында Венгрияда өткөн Европа комиссиясынын 44-сессиясында айылдык жамааттарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ФАОнун атайын сыйлыгына ээ болду.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу