Жылына 3 тонна бал өндүргөн “Аары Ширеси" кооперативинин ийгилиги

Жылына 3 тонна бал өндүргөн “Аары Ширеси" кооперативинин ийгилиги

Талас облусунун Айтматов районундагы Бакыян айылынын тургуну Мирлан Эшимканов жетектеген “Аары Ширеси” кооперативи заманбап технологияларды колдонуу менен сапаттуу бал өндүрүп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Кооперативдин ишмердүүлүгү Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан “3+2+1” долбоорунун алкагында колго алынган. Бул долбоор айыл чарбасын өнүктүрүүгө, өндүрүштүн көлөмү менен сапатын жогорулатууга багытталган.

“Аары Ширеси” кооперативинде “Карника” породасындагы 100 бал челеги (100 аары үй-бүлөсү) бар. Бал алуу процесси жылына 5 жолу жүргүзүлүп, ар бир жолкусунда орточо 600 кг бал алынууда. Бул көрсөткүч кооперативдин туура башкарылып, технологиялар ийгиликтүү колдонулуп жатканын көрсөтөт.

Өндүрүлгөн бал экологиялык жактан таза болуп, азык-түлүк жана дарылык максаттарда колдонууга ылайыктуу. Кооператив учурда ички рынокко сапаттуу бал жеткирүү багытында иш алып барууда.

Кооперативге долбоор алкагында техникалык жардам көрсөтүлүп, адистерден кеңештер берилди. Алдыда өндүрүштү кеңейтип, жаңы бал челектерин сатып алуу пландалууда. Бул демилге айыл чарбадагы жаңы ыкмаларды жайылтууга, жумуш орундарын түзүүгө жана ички рынокко сапаттуу бал сунуштоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу