Баткендик дыйкан 200 тонна кулпунай экспорттоп, 34 млн сом киреше тапты

Баткендик дыйкан 200 тонна кулпунай экспорттоп, 34 млн сом киреше тапты

Баткен районунун Жаңы-Жер айылында жашаган дыйкан мамлекеттик фонддун жерин ижарага алып, интенсивдүү ыкма менен кулпунай өстүрүп, ийгиликтүү экспортко чыгарып жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өткөн жылы дыйкан 100 тоннадан ашык кулпунай экспорттоп, 17 миллион сом киреше тапса, быйыл көрсөткүчтөр эки эсеге өскөн. Быйыл 200 тоннадан ашык кулпунайды Россия менен Казакстанга экспорттоп, жалпы 34 миллион сомдон ашуун киреше тапкан.

Мындай жогорку жыйынтык 3+2 программасынын алкагында айыл чарба адистеринин көрсөткөн көмөгүнүн аркасында мүмкүн болду. Программа боюнча дыйкандын талаасы атайын анализден өткөрүлүп, өсүмдүктүн керектөөлөрүнө жараша азыктандыруу боюнча так сунуштар берилген. Бул түшүмдүүлүктүн олуттуу жогорулашына өбөлгө түздү.

Ошондой эле бул тажрыйба башка дыйкандар үчүн да үлгү болуп, алар дагы жер анализине негизделген иш ыкмаларын өздөштүрүп, жакшы жыйынтыктарга жетишүүдө.

Министрлик мындай ийгиликтер аймактарда айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө жана экспорттук потенциалды кеңейтүүгө оң таасирин тийгизерин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу